Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Ыбрайым жана Абы-Мелек

    20:1 Ыбрайым ал жерден чыгып, түштүккө келип, Кадеш менен Шурдун ортосуна жайгашып, Герар жеринде убактылуу жашап турду.

    20:2 Ыбрайым өз аялы Саараны: «Бул менин карындашым», – деди. Ошондо Герар падышасы Абы-Мелек киши жиберип, Саараны алдыртты.

    20:3 Кудай Абы-Мелекке түн ичинде түшүндө келип, ага мындай деди: «үми сен алган бул аял үчүн өлөсүң, анткени анын күйөөсү бар».

    20:4 Абы-Мелек болсо Саарага тийген жок. Ал мындай деди: «үгедерим! Кантип эле Сен айыпсыз элди жок кыласың?

    20:5 Ыбрайым мага: “Бул менин карындашым”, – деп, өзү айтпады беле? Саара да: “Ал менин агам”, – деген. Мен муну таза жүрөк, таза кол менен кылгам».

    20:6 Ошондо Кудай түшүндө ага мындай деди: «Сен муну таза жүрөк менен кылганыңды Мен билемин, ошондуктан сени ага тийгизбей, Мага каршы күнөө кылуудан сактап калдым.

    20:7 Аялды күйөөсүнө азыр эле кайтарып бер, анткени ал – пайгамбар, ал сен үчүн сыйынсын, ошондо сен тирүү каласың. эгерде кайтарып бербесең, анда билип кой, сен бардык адамдарың менен кошо, сөзсүз, өлөсүң».

    20:8 Ошондо Абы-Мелек эртең менен эрте туруп, өзүнүн бардык кулдарын чакырып алып, бул сөздөрдүн бардыгын аларга угуза айтып берди. Алар абдан коркуп кетишти.

    20:9 Анан Абы-Мелек Ыбрайымды чакырып алып, ага: «үмне үчүн сен бизге мындай кылдың? Мага жана менин падышачылыгыма чоң күнөө келтиргидей, сага эмне күнөө кылдым эле? Сен туура эмес иш кылдың.

    20:10 Сен бул ишти кандай ой менен кылдың эле?» – деди.

    20:11 Ыбрайым мындай жооп берди: «Бул жерде Кудайдан коркуу жок болгондуктан, мени аялымдын айынан өлтүрүп коюшат деп ойлодум.

    20:12 Ал, чын эле, менин карындашым. экөөбүз аталаш бир тууганбыз, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым.

    20:13 Кудай мени атамдын үйүнөн жер кезүүгө алып чыкканда, мен ага: “Мага ырайым кылып, кайсы жерге келсек да, бардык жерде сен мени: "Бул менин агам" де”, – деп айткан элем».

    20:14 Ошондо Абы-Мелек Ыбрайымга майда жана бодо мал, кулдарды жана күңдөрдү берди. Аялы Саараны да ага кайра берди.

    20:15 Анан Абы-Мелек мындай деди: «Мына, менин жерим сенин алдыңда. Каалаган жериңде жаша».

    20:16 Саарага да мындай деди: «Мына, мен бир тууган агаңа миң күмүш шекел бердим. Бул сенин бүт элдин алдында ак экениңди билдирет, сен бардыгынын алдында акталдың».

    20:17 Анан Ыбрайым Кудайга сыйынды. Ошондо Кудай Абы-Мелекти, анын аялын, күңдөрүн сакайтты, алар төрөй башташты.

    20:18 Анткени Теңир Ыбрайымдын аялы Саара үчүн Абы-Мелектин үйүндөгү бардык аялдарды төрөбөс кылып салган эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск