Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Содомдун күнөөсү

    19:1 Лот Содомдун дарбазасынын жанында отурганда, жанагы эки периште кечинде Содомго келди. Лот аларды көрө коюп, тосуп алуу үчүн, ордунан туруп, жерге чейин башын ийип таазим этип, мындай деди:

    19:2 «Мырзаларым! Кулуңардын үйүнө кирип, түнөп кеткиле, бутуңарды жууп алгыла, эртең менен туруп, жолуңарды улантасыңар». Бирок алар: «Жок, биз көчөгө түнөйбүз», – дешти.

    19:3 Ал аябай өтүнүп сурангандыктан, алар аныкына бет алып, үйүнө келишти. Лот аларга сый көрсөттү, ачыткысыз нан жасады. Алар жешти.

    19:4 Алар жата электе, содомдуктардын жаш-карысы дебей, шаардын бардык тегерек-четинен келген эл эйдү тегеректеп алышты.

    19:5 Лотту чакырып, ага мындай дешти: «Сага түнөккө келген кишилер кайда? Аларды бизге чыгарып бер. Биз аларга жакындайбыз».

    19:6 Лот кире беришке чыгып, өзүнүн аркасынан эшикти бекитти.

    19:7 Анан мындай деди: «Агайын-туугандар, жамандык кылбагыла.

    19:8 Менин эркек көрө элек эки кызым бар, мен аларды чыгарып берейин, аларга каалаганыңарды кылгыла, бирок бул кишилерге тийбегиле, анткени булар менин үйүмө келишти».

    19:9 Бирок алар: «Бери кел. Карасаң муну, келгин болуп туруп соттошкусу бар! эми биз сага аларга кылгандан да жаман кылабыз», – деп, Лотту жөөлөп, эшикти сындырмакчы болушту.

    19:10 Ошондо жанагы кишилер колдорун сунуп, Лотту эйгө тартып киргизип, эшикти бекитип салышты.

    19:11 Ал эми эйдүн кире беришиндеги адамдарды жашынан карысына чейин сокур кылып салышкандыктан, алар эшикти таба албай кыйналышты.

    19:12 Жанагы кишилер Лотко мындай дешти: «Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балаң болобу, уулдарың болобу, кыздарың болобу, шаарда кимиң болбосун, бардыгын бул жерден алып чык.

    19:13 Анткени биз бул жерди жок кылабыз. Анын тургундарынан кордук көргөндөрдүн зар-муңу Теңирге жетти, Теңир аны жок кылыш үчүн, бизди жиберди».

    19:14 Ошондо Лот чыгып, болочок күйөө балдарына мындай деди: «Тургула, бул жерден чыгып кеткиле, анткени Теңир бул шаарды жок кылат». Бирок күйөө балдарына ал тамашалап жаткандай көрүндү.

    Лоттун Содомдон чыгышы

    19:15 Таң атары менен периштелер: «Шаардын мыйзамсыздыктары үчүн өлүп калбашың үчүн, ордуңан туруп, аялыңды жана колуңдагы эки кызыңды алып чык», – деп, Лотту шаштыра башташты.

    19:16 Лот шашпагандыктан, жанагы кишилер Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты.

    19:17 Аларды сыртка чыгаргандан кийин, алардын бири мындай деди: «өз жаныңды сакта, артыңа кылчайып караба, бул тегеректин үч жерине токтобо, өлүп калбашың үчүн, тоого кач».

    19:18 Бирок Лот аларга мындай деди: «Жок, эгедерим!

    19:19 Мына, Сенин кулуң Сенин алдыңда ырайым тапты, мага чоң ырайым көрсөтүп, менин өмүрүмдү сактап калдың, бирок тоого качып кете албайм, анткени кырсыкка кабылып өлүп калышым мүмкүн.

    19:20 Качып барууга мына бул шаар жакын, ал чакан шаар эмеспи. Ошол жакка качайын, чакан шаар эмеспи. Аман калам».

    19:21 Ошондо Ал ага: «Макул, сенин каалооң боюнча Мен сен айткан шаарды кыйратпайын.

    19:22 Тезирүүк ошол жакка кач, анткени сен ал жакка жетмейинче, Мен үч нерсе кыла албайм», – деди. Ошондон улам ал шаар Соар деп аталып калган.

    19:23 Жер бетине күн чыкканда, Лот Соарга келди.

    19:24 Ошондо Теңир Содом менен Аморго асмандан Теңирден болгон күкүрт менен отту жамгыр кылып төктү.

    19:25 Ошентип, Теңир бул шаарларды, алардын тегерек-четин, адамдарынан тартып, өсүмдүктөрүнө чейин кыйратып салды.

    19:26 Аялы болсо Лоттун артынан келе жатып, кылчайып артын карады эле, туз мамыча болуп калды.

    19:27 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, мурун Теңирдин алдында турган жерине жөнөдү.

    19:28 Ал Содом менен Аморго жана алардын тегерек-четине көз чаптырып караса, жерден мештин түтүнүндөй болгон түтүн көтөрүлүп жатыптыр.

    19:29 Кудай бул тегеректеги шаарларды кыйратып жатып, Ыбрайымды үстеди да, Лот жашаган шаарларды кыйратып жатканда, ал жерден Лотту алып чыкты.

    Мааптыктар менен амондуктардын пайда болушу

    19:30 Лот Соардан чыгып, эки кызы менен бирге тоодо жашап калды, анткени ал Соарда жашагандан коркту. Ал эки кызы менен бирге үңкүрдө жашап турду.

    19:31 Ошондо эжеси сиңдисине: «Атабыз картайды. Бүт жер жүзүнүн салты боюнча жер үстүндө бизге жакындай турган адам жок.

    19:32 Ошондуктан атабызды шарапка тойгузуп, аны менен жатып, атабыздан тукум улайлы», – деди.

    19:33 Алар ошол түнү өз атасын шарапка тойгузушту. Анан эжеси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.

    19:34 үртеси күнү эжеси сиңдисине: «Мен кечүү атам менен жаттым. Бүгүн түндө да аны шарапка тойгузалы. Анан сен кирип, аны менен жат, атабыздан тукум улайлы», – деди.

    19:35 Алар бул түнү да атасын шарапка тойгузушту. Анан сиңдиси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.

    19:36 Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калышты.

    19:37 үжеси уул төрөп, атын Маап койду. Ал – ушул күнгө чейин Маап элинин атасы.

    19:38 Сиңдиси да уул төрөп, атын Бен-Ами койду. Ал – ушул күнгө чейин Амон элинин атасы.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск