Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Ыскактын төрөлүшү

    21:1 Теңир өзү айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзүн аткарды.

    21:2 Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди.

    21:3 Ыбрайым өзүнүн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду.

    21:4 Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи күнү Ыбрайым өз уулу Ыскакты сүннөткө отургузду.

    21:5 Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жүз жашта эле.

    21:6 Ошондо Саара: «Кудай мени күлкү кылды. Мен жөнүндө ким укса да, күлөт го.

    21:7 “Саара бала эмизет”, – деп, Ыбрайымга ким айтмак? Бирок ал карыган кезде мен ага уул төрөп бердим», – деди.

    21:8 Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган күнү Ыбрайым чоң той берди.

    Ажардын баласы менен куулуп чыгышы

    21:9 Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып,

    21:10 Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт».

    21:11 Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди.

    21:12 Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңэң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт.

    21:13 Күңэңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.

    21:14 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коё берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды.

    21:15 Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын түбүнө калтырып,

    21:16 жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнүн көргүм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады.

    21:17 Кудай баланын үнүн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын үнүн жаткан жеринен укту.

    21:18 Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди.

    21:19 Кудай Ажардын көзүн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдү. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди.

    21:20 Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду.

    21:21 Ал Паран чөлүндө жашады. энеси ага Мисир жеринен аял алып берди.

    Ыбрайымдын Абы-Мелек менен келишим түзүшү

    21:22 Ошол убакта мындай окуя болду: Абы-Мелек өзүнүн аскер башчысы Пихол менен келип, Ыбрайымга: «үмне кылсаң да, бардык иште Кудай сени менен экен.

    21:23 Сен азыр ушул жерде мага: “Сени да, уулуңду да, небереңди да таарынтпайм”, – деп, Кудай менен ант бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң жашап турган жерге ошондой жакшылык кыл», – деди.

    21:24 Ошондо Ыбрайым: «Ант берем», – деди.

    21:25 Анан Ыбрайым Абы-Мелектин кулдары суусу бар кудукту тартып алганы үчүн, Абы-Мелекти жемеледи.

    21:26 Абы-Мелек болсо: «Муну ким кылганын билбеймин, сен да мага айткан эмессиң. Мен ал жөнүндө ушуга чейин уккан эмесмин», – деди.

    21:27 Ошондо Ыбрайым майда жана бодо малдан алып, Абы-Мелекке берди. Ошентип, экөө тынчтык келишимин түзүштү.

    21:28 Ыбрайым майда малдан жети козуну өзгөчө бөлүп койду.

    21:29 Абы-Мелек болсо Ыбрайымдан: «Жети козуну бул жерге өзүнчө бөлүп койгонуң эмнең?» – деп сурады.

    21:30 Ал ага: «Бул жети козуну менин колумдан ал, кудукту мен казганыма булар күбө болсун», – деп жооп берди.

    21:31 Ошондуктан ал бул жерди Бейер-Шеба деп атады, анткени бул жерде экөө антташты.

    21:32 Ошентип, Бейер-Шебада тынчтык келишими түзүлдү. Абы-Мелек менен аскер башчысы Пихол Пелишти жерине кайтышты.

    21:33 Ыбрайым Бейер-Шебанын жанына токойчо отургузуп, ал жерде түбөлүктүү Кудай-Теңирдин атын чакырды.

    21:34 Ошентип, Ыбрайым Пелишти жеринде келгин болуп, көп жыл жашады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск