Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Адамдын тукуму

    5:1 Адамдын санжырасы мындай: Кудай адамды жаратканда, аны Кудайга окшоштуруп жаратты.

    5:2 Аларды эркек-аял кылып жаратып, аларга батасын берди. Жараткан күнү аларды «адам» деп атады.

    5:3 Адам жүз отуз жашка чыкканда, анын бейнеси боюнча ага окшош уул төрөлдү. Ал ага Шет деген ат койду.

    5:4 Шет төрөлгөндөн кийин, Адам сегиз жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:5 Адам бардыгы болуп тогуз жүз отуз жыл жашап көз жумду.

    5:6 Шет жүз беш жашка чыкканда, андан энош төрөлдү.

    5:7 энош төрөлгөндөн кийин, Шет сегиз жүз жети жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:8 Шет бардыгы болуп тогуз жүз он эки жыл жашап көз жумду.

    5:9 энош токсон жашка чыкканда, андан Кейнан төрөлдү.

    5:10 Кейнан төрөлгөндөн кийин, энош сегиз жүз он беш жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:11 энош бардыгы болуп тогуз жүз беш жыл жашап көз жумду.

    5:12 Кейнан жетимиш жашка чыкканда, андан Маалалел төрөлдү.

    5:13 Маалалел төрөлгөндөн кийин, Кейнан сегиз жүз кырк жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:14 Кейнан бардыгы болуп тогуз жүз он жыл жашап көз жумду.

    5:15 Маалалел алтымыш беш жашка чыкканда, андан Жарет төрөлдү.

    5:16 Жарет төрөлгөндөн кийин, Маалалел сегиз жүз отуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:17 Маалалел бардыгы болуп сегиз жүз токсон беш жыл жашап көз жумду.

    5:18 Жарет жүз алтымыш эки жашка чыкканда, андан энох төрөлдү.

    5:19 энох төрөлгөндөн кийин, Жарет сегиз жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:20 Жарет бардыгы болуп тогуз жүз алтымыш эки жыл жашап көз жумду.

    5:21 энох алтымыш беш жашка чыкканда, андан Матушал төрөлдү.

    5:22 Матушал төрөлгөндөн кийин, энох Кудай алдында үч жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:23 энох бардыгы болуп үч жүз алтымыш беш жыл жашады.

    5:24 энох Кудай алдында түз жүрдү. Анан жок болуп кетти, анткени аны Кудай алып кетти.

    5:25 Матушал жүз сексен жети жашка чыкканда, андан Лемек төрөлдү.

    5:26 Лемек төрөлгөндөн кийин, Матушал жети жүз сексен эки жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:27 Матушал бардыгы болуп тогуз жүз алтымыш тогуз жыл жашап көз жумду.

    5:28 Лемек жүз сексен эки жашка чыкканда, андан уул төрөлдү.

    5:29 Ал ага Нух деген ат коюп: «Теңир каргаган жерди иштетип, эмгектенип жатканыбызда, ал бизге сооронуч болсун», – деди.

    5:30 Нух төрөлгөндөн кийин, Лемек беш жүз токсон беш жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    5:31 Лемек бардыгы болуп жети жүз жетимиш жети жыл жашап көз жумду.

    5:32 Нух беш жүз жашка чыкканда, андан Шем, Хам, Жепет төрөлдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск