Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Адамзаттын бузулушу

    6:1 Жер бетинде адамдар көбөйө баштаганда, алардан кыздар төрөлдү.

    6:2 Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады.

    6:3 Ошондо Теңир: «Менин Рухум адамдын ичинде түбөлүккө болбойт, анткени алар – дене. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун», – деди.

    6:4 Ошол кезде жер бетинде алп адамдар болгон. Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда, алар төрөп, алп адамдар көбөйгөн. Алар байыртадан эле күчтүү, атактуу адамдар болушкан.

    6:5 Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү.

    6:6 Ошондо Теңир жер бетине адамды жаратканына өкүнүп, өз ичинен өтө кайгырды.

    6:7 Анан Теңир мындай деди: «Мен өзүм жараткан адамдарды жер бетинен жок кылам, адамдан тартып малга чейин: жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, асман канаттууларын жок кылам, анткени Мен аларды жаратканыма өкүнүп жатам».

    6:8 Нух болсо Теңирдин алдында ырайым тапты.

    Нух

    6:9 Нухтун жашоосу мындай эле: Нух өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон. Нух Кудайдын алдында түз жүргөн.

    6:10 Нухтун Шем, Хам, Жепет деген үч уулу болгон.

    6:11 Жер бети Кудайдын алдында бузулуп, жаман иштерге толуп кетти.

    6:12 Кудай жерге көз жиберип, жердин абдан бузулганын, жердеги ар бир жандын терс жолго түшкөнүн көрдү.

    6:13 Ошондо Кудай Нухка мындай деди: «Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү, анткени жер бети алардын жаман иштерине толуп кетти. эми Мен аларды жер бетинен жок кылам.

    6:14 Сен өзүңө гофер жыгачынан туюк кеме жаса. Кеменин ичин бөлүктөргө бөлүп, ичи-тышын чайыр менен капта.

    6:15 Сен аны мындай жаса: кеменин узундугу үч жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, ал эми бийиктиги отуз чыканак болсун.

    6:16 Кеменин жогору жагын оюп, бир чыканак терезе чыгар, капталына эшик жаса. Ичин үч кабат кылып кур.

    6:17 үми Мен асман астындагы өмүр деми бар тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылыш үчүн, топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт.

    6:18 Бирок Мен сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың жана уулдарыңдын аялдары кирсин.

    6:19 Ошондой эле сени менен бирге тирүү калыш үчүн, кемеге бардык жаныбарлардан эркек-ургаачы кылып, түгөйлөп киргиз.

    6:20 Тирүү калышы үчүн, канаттуулардын түр-түрүнөн, малдардын түр-түрүнөн, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын түр-түрүнөн түгөйү менен киргиз.

    6:21 Анан жегенге жарактуу ар кандай азыктан жыйып ал. Ал сага да, аларга да азык болот».

    6:22 Нух бардыгын жасады: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск