Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Топон суу

    7:1 Ошондо Теңир Нухка мындай деди: «Бүт эй-бүлөң менен кемеге кир, анткени замандаштарыңдын ичинен сени өзүмдүн алдымда адил деп таптым.

    7:2 Жер үстүндө тукумун сактап калыш үчүн, ар бир адал малдын эркек-ургаачысынан жетини, адал эмес малдын эркек-ургаачысынан экини,

    7:3 асман канаттууларынын эркек-ургаачысынан жетини ал.

    7:4 Анткени жети күндөн кийин Мен жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп, өзүм жараткан тирүү жандардын баарын жер бетинен жок кылам».

    7:5 Теңир эмнени буйруса, Нух ошонун бардыгын жасады.

    7:6 Жер бетин топон суу каптаганда, Нух алты жүз жашта эле.

    7:7 Топон суу каптардын алдында Нух уулдары, аялы, келиндери менен кемеге кирди.

    7:8 Адал жана адал эмес малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар,

    7:9 Кудай Нухка буйрук кылгандай, түгөй-түгөйү менен, эркек-ургаачы болуп, Нухтун кемесине киришти.

    7:10 Жети күн өткөндөн кийин жер бетин топон суу каптады.

    7:11 Нухтун өмүр сүргөнүнө алты жүз жыл болгондо, экинчи айдын он жетинчи күнү зор туңгуюктун бардык булактары атырылып ачылды, асман терезелери да ачылды.

    7:12 Жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп турду.

    7:13 Так ошол күнү Нух уулдары Шем, Хам, Жепет менен, аялы жана келиндери менен кемеге кирди.

    7:14 Алар менен кошо бардык жаныбарлар, түр-түрү менен малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, түр-түрү менен бардык учуп жүрүүчүлөр, бардык канаттуулар, бардык куштар,

    7:15 өмүр деми бар тирүү жандыктардын баары түгөйү менен Нухтун кемесине киришти.

    7:16 Кудай Нухка буйругандай, бардык жаныбарлар эркек-ургаачы болуп кемеге киришти. Ошондо алардын артынан Теңир эшикти жапты.

    7:17 Жер бетинде топон суу кырк күнгө созулду. Суу көбөйүп, кемени көтөрдү. Кеме жерден жогору көтөрүлдү.

    7:18 Суу болсо күчөп, көбөйгөндөн көбөйө берди. Кеме суунун үстүндө калкып калды.

    7:19 Суу жер бетинде күчөгөндүктөн, асман астындагы бардык бийик тоолор суу астында калды.

    7:20 Суу тоолордон он беш чыканактай жогору көтөрүлүп, аларды басып калды.

    7:21 Жер бетиндеги кыбыр эткен бардык тирүү жандар: канаттуулар, малдар, жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар жана бардык адамдар өмүрүнөн ажырады.

    7:22 Кургактыкта жашаган, таноосунда өмүр рухунун деми бар тирүү жандардын бардыгы кырылды.

    7:23 Жер үстүндөгү тирүү жандын бардыгы кырылды: адамдан тартып малга чейин, сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, асман канаттуулары – бардыгы кырылып, жер бетинен жок болду. Нух менен кемеге киргендер гана тирүү калышты.

    7:24 Жер бетинде суунун деңгүүли жүз элүү күн бою улам жогорулап турду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск