Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Суунун тартылышы

    8:1 Кудай Нухту жана кемедеги бардык жаныбарлар менен малдарды үстеп, жер бетине шамал жиберди, ошондо суу тартыла баштады.

    8:2 Түпсүздүктөгү булактар менен асман терезелери жабылып, асмандан куйган жамгыр басылды.

    8:3 Суу болсо акырындап жер бетинен кайта баштады. Жүз элүү күндөн кийин суу тартыла баштады.

    8:4 Кеме жетинчи айдын он жетинчи күнү Арарат тоолорунун үстүнө токтоду.

    8:5 Суу онунчу айга чейин тынымсыз тартылып, онунчу айдын биринчи күнү тоо чокулары көрүндү.

    8:6 Кырк күндөн кийин Нух кемедеги өзү жасаган терезени ачып,

    8:7 бир карганы коё берди. Карга кемеден учуп чыгып, жер кургагыча учуп кетип, кайра учуп келип турду.

    8:8 Суунун жер бетинен тартылганын билиш үчүн, андан кийин көгүчкөндү коё берди.

    8:9 Бирок көгүчкөн бутун коёрго жер таппай, кемеге кайрылып келди, анткени бүт жер бетин дагы эле суу каптап турган эле. Нух колун сунуп, көгүчкөндү кармап, кемеге киргизип алды.

    8:10 Анан дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү кайрадан коё берди.

    8:11 Көгүчкөн ага кечке маал кайрылып келди. Анын тумшугунда зайтун дарагынын жаңы эзүлгөн жалбырагы бар эле. Ошондо Нух жер бетиндеги суунун тартылганын билди.

    8:12 Ал дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү коё берди, бирок ал ага кайрылып келген жок.

    8:13 Нух алты жүз бир жашка чыкканда, биринчи айдын биринчи күнүнө караганда, жер бетиндеги суу тартылды. Нух кеменин үстүн ачып караса, жердин үстү кургап калыптыр.

    8:14 үкинчи айдын жыйырма жетинчи күнүнө караганда, жер кургады.

    8:15 Ошондо Кудай Нухка мындай деди:

    8:16 «Кемеден сени менен кошо аялың, уулдарың жана келиндериң чыксын.

    8:17 Жаныңдагы бардык тирүү жандыктарды: жаныбарларды, канаттууларды, малдарды, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды кошо алып чык. Алар жер бетине тарап, тукумдап көбөйүшсүн».

    8:18 Ошентип, Нух менен бирге уулдары, аялы жана уулдарынын аялдары кемеден чыгышты.

    8:19 Бардык жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар, бардык канаттуулар, жер бетинде кыбыр эткен бардык тирүү жандыктар түр-түрү менен кемеден чыгышты.

    Нухтун курмандык чалышы

    8:20 Ошондо Нух Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, ар кандай адал малдан, ар кандай адал канаттуудан алып келип, курмандык чалынуучу жайдын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалды.

    8:21 Теңир жагымдуу жытты искеди да, жүрөгүндө мындай деди: «Мындан ары адам үчүн жерди каргабайм, анткени адамдын ойлору жаш чагынан эле жаман. Мындан ары бардык тирүү жандарды топон суу менен кырбайм.

    8:22 Мындан ары жерде жашоо болуп турганда, эгүү-себүү менен оруу-жыюу, суук менен ысык, жай менен кыш, күн менен түн токтобойт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск