Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Кудайдын Нух жана анын тукуму менен түзгөн келишими

    9:1 Ошондо Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдап көбөйгүлө, жерге толгула.

    9:2 Жер бетиндеги жаныбарлар, асмандагы канаттуулар, деңиздеги балыктар, жер бетинде кыбыр эткендин баары силерден коркуп, титиреп турушсун. Аларды силерге бердим.

    9:3 Кыбыр эткен тирүү жандын бардыгы силерге азык болсун. өсүмдүктү бергенимдей эле, силерге булардын бардыгын берип жатам.

    9:4 Бирок тирүү жанды мууздабай туруп жебегиле, анткени кан – анын жаны.

    9:5 Мен силердин каныңар үчүн – жаныңар үчүн жазалайм: адамдын канын төккөн мал болсо да, адам болсо да, бир тууганы болсо да, анын жазасын берем.

    9:6 Ким адамдын канын төксө, анын каны да адамдын колу менен төгүлөт, анткени адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган.

    9:7 Силер болсо укумдап-тукумдагыла, жер бетине тарагыла, көбөйгүлө».

    9:8 Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деди:

    9:9 «үми Мен силер менен жана силерден кийинки укум-тукумуңар менен,

    9:10 силердин жаныңардагы бардык тирүү жандыктар: канаттуулар, малдар, бардык жер жаныбарлары, силер менен кошо кемеден чыккандар, бардык жаныбарлар менен келишим түзөм.

    9:11 Мындан ары үч бир тирүү жан топон суу менен кырылбайт деп, Мен силер менен келишим түзөм. Мындан ары жер бетиндегинин баарын жок кыла турган топон суу болбойт».

    9:12 Кудай дагы мындай деди: «Менин силер менен, бардык тирүү жандыктар менен укумдан-тукумга, түбөлүккө түзүп жаткан келишимимдин белгиси мындай:

    9:13 Мен булут бетине көк желе тартам, ал Мени менен жердин ортосундагы келишимдин белгиси болот.

    9:14 Мен жер бетине булут каптатканда, булут бетинде көк желе пайда болот.

    9:15 Ошондо силер менен, бардык тирүү жандыктар менен түзгөн өзүмдүн келишимимди үстейм. Мындан ары бардык тирүү жандыктарды кырган топон суу болбойт.

    9:16 Булут бетинде көк желе пайда болгондо, Мен аны көрүп, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн өзүмдүн түбөлүк келишимимди үстейм».

    9:17 Ошентип, Кудай Нухка: «Жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн келишимимдин белгиси мына ушул», – деди.

    Нух жана анын уулдары

    9:18 Кемеден чыккан Нухтун уулдары булар: Шем, Хам жана Жепет. Хам болсо Канаандын атасы болгон.

    9:19 Бул үчөө – Нухтун уулдары, алардан бүт жер жүзүндөгү адамдар тараган.

    9:20 Нух жер иштетип, жүзүмзар отургузду.

    9:21 Ал шарап жасап, андан ичип мас болуп, өз чатырында жылаңач жатты.

    9:22 Атасынын жылаңач жатканын Канаандын атасы Хам көрүп калып, сыртка чыгып, эки бир тууганына айтты.

    9:23 Шем менен Жепет болсо кийим-кечек алып, ийиндерине салып, арты менен барып, атасынын жылаңач денесин жабышты. Алар тескери карап тургандыктан, атасынын жылаңач этин көрүшкөн жок.

    9:24 Нух ичкен шарабынан соолугуп тургандан кийин, кенже уулунун эмне кылганын билип калып, мындай деди:

    9:25 «Канаанга каргыш тийсин! Ал өз бир туугандарынын алдында эң төмөнкү кул болсун».

    9:26 Анан дагы мындай деди: «Шемдин Кудай-Теңирине алкыш! Канаан анын (Шемдин) кулу болсун.

    9:27 Кудай Жепетти жайылтсын, ал Шемдин чатырларында жашасын. Канаан анын кулу болсун».

    9:28 Нух топон суудан кийин үч жүз элүү жыл жашады.

    9:29 Нух бардыгы болуп тогуз жүз элүү жыл жашап көз жумду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск