Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Кабыл менен Абыл

    4:1 Адам аялы Обого жакындады. Обонун боюна бүтүп, Кабылды төрөп: «Теңирдин жардамы менен уулдуу болдум», – деди.

    4:2 Андан кийин анын бир тууганы Абылды төрөдү. Абыл койчу болду. Кабыл болсо дыйкан болду.

    4:3 Арадан убакыт өттү, Кабыл жер жемиштеринен Теңирге тартуу алып келди.

    4:4 Абыл да койлорунун төл башыларынан жана алардын майларынан алып келди. Теңир Абылга жана анын тартуусуна назарын салды.

    4:5 Ал эми Кабылга жана анын тартуусуна назарын салган жок. Ошондо Кабылдын аябай ачуусу келип, өңү кумсарып кетти.

    4:6 Теңир Кабылга: «үмнеге ачууландың? эмнеге өңэң кумсарып кетти?

    4:7 үгерде жакшы иш кылсаң, анда башыңды жерге салбайт элең да. эгерде жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө жатат. Ал сени өзүнө тартып жатат, бирок сен ага үстөмдүк кыл», – деди.

    4:8 Кабыл бир тууганы Абылга жамандык ойлоду. Талаада жүрүшкөндө, Кабыл өз бир тууганы Абылга кол көтөрүп, аны өлтүрүп салды.

    4:9 Ошондо Теңир Кабылдан: «Бир тууганың Абыл кайда?» – деп сурады. Ал: «Билбейм, мен эмне, бир тууганыма кароолчу белем?» – деп жооп берди.

    4:10 Теңир ага мындай деди: «Сен эмне кылдың? Жерден бир тууганыңдын каны Мага боздоп жатат.

    4:11 Ошондуктан эми сага бир тууганыңдын канын сенин колуңдан кабыл алууга оозун ачкан жердин каргышы тиет.

    4:12 Мындан ары жер иштеткениңде, ал сага өз күчүн бербейт. Жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болосуң».

    4:13 Ошондо Кабыл Теңирге: «Менин жазам чоң, көтөрө алгыс.

    4:14 Сен азыр мени жер бетинен кууп жатасың. Мен эми Сенин жүзүңдөн жашынып, жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болом, мага ким жолукса да, ал мени өлтүрөт», – деди.

    4:15 Теңир ага: «Кабылды ким өлтүрсө, андан жети эселеп өч алынат», – деди. Кабылга жолуккан адам аны өлтүрүп койбошу үчүн, Теңир ага белги салып койду.

    4:16 Ошентип, Кабыл Теңирден кетип, эйдендин чыгыш жагындагы Нот деген жерге жайланышты.

    Кабылдын тукуму

    4:17 Анан Кабыл аялына жакындады. Аялынын боюна бүтүп, энохту төрөдү. Кабыл шаар куруп, ага өз уулу энохтун атын берди.

    4:18 энохтон Ират төрөлдү. Ираттан Мыхайел төрөлдү. Мыхайелден Матушал төрөлдү. Матушалдан Лемек төрөлдү.

    4:19 Лемек эки аял алды. Биринин аты Ада, экинчисиники Зила эле.

    4:20 Ада Жабалды төрөдү, ал чатырда жашап, мал баккандардын атасы болду.

    4:21 Анын бир тууганынын аты – Жубал, ал кыякчылар менен чоорчулардын атасы болду.

    4:22 Зила Тубал-Кабылды төрөдү, ал жез менен темирден курал жасаган уста болду. Тубал-Кабылдын Наама деген карындашы бар эле.

    4:23 Лемек аялдарына мындай деди: «Ада менен Зила! Мага кулак салгыла, Лемектин аялдары! Менин сөзүмө көңүл бургула! Мага жамандык кылган эркекти, мага кайгы алып келген баланы өлтүрүп салдым.

    4:24 үгерде Кабыл үчүн жети эсе өч алынса, анда Лемек үчүн жетимиш жолу жети эсе өч алынат».

    Шеттин төрөлүшү

    4:25 Адам аялына дагы жакындады. Ал уул төрөп: «Кудай мага Кабыл өлтүргөн Абылдын ордуна башка уул берди», – деп, анын атын Шет койду.

    4:26 Шеттен да уул төрөлдү. Ал анын атын энош койду. Ошондон баштап адамдар Теңирдин атын чакыра башташты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск