Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Адамдын күнөөгө батышы

    3:1 Кудай-Теңир жараткан бардык талаа айбанаттарынын ичинен жылан эң куу эле. Ал аялдан: «Кудай чын эле: “Бейиштеги үч бир дарактын жемишинен жебегиле”, – деп айтты беле?» – деп сурады.

    3:2 Аял жыланга мындай деп жооп берди: «Дарактардын жемиштеринен жесек болот.

    3:3 Кудай: “өлүп калбашыңар үчүн, бейиштин ортосундагы бир гана дарактын жемишинен жебегиле, ага тийбегиле”, – деген».

    3:4 Ошондо жылан аялга: «Жок, өлбөйсүңөр,

    3:5 бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет», – деди.

    3:6 Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү. Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. Анан күйөөсүнө да берди, ал да жеди.

    3:7 Ошондо экөөнүн тең көздөрү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин билишти да, анжыр жалбырактарын бириктирип тигип, өздөрүнө алжапкыч жасап алышты.

    3:8 Күн салкын болуп турганда, бактын ичинде жүргөн Кудай-Теңирдин үнүн угуп, Адам менен аялы Кудай-Теңирдин жүзүнөн качып, бактагы дарактардын арасына жашынып калышты.

    3:9 Ошондо Кудай-Теңир Адамды: «Сен кайдасың?» – деп чакырды.

    3:10 Адам: «Бактан Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим, анткени мен жылаңачмын, ошондуктан жашынып калдым», – деди.

    3:11 Кудай андан: «Жылаңач экениңди сага ким айтты? Мен сага жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби?» – деп сурады.

    3:12 Ошондо Адам: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим», – деп жооп берди.

    3:13 Анан Кудай-Теңир аялдан: «Бул эмне кылганың?» – деп сурады. «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим», – деп жооп берди аял.

    Кудайдын жазасы

    3:14 Ошондо Кудай-Теңир жыланга мындай деди: «Ушуну кылганың үчүн бардык малдардын, бардык талаа жаныбарларынын ичинен сага каргыш тийсин. Сен эми бооруң менен жылып, өмүрүң өткөнчө топурак жейсиң.

    3:15 Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың».

    3:16 Аялга болсо мындай деди: «Кош бойлуу кезиңде кайгыңды көбөйткөндөн көбөйтөм. Балдарыңды ооруп төрөйсүң. Күйөөңө тартылып турасың, ал сага үстөмдүк кылат».

    3:17 Адамга болсо мындай деди: «Аялыңдын тилин алып, “андан жебе” деп, Мен сага осуят кылган дарактын жемишинен жегениң үчүн, сенин айыңан жер каргышка калды. Сен эми өмүрүң өткөнчө жерден азап менен азыктанасың.

    3:18 Жер сен үчүн тикенек, отоо чөп өстүрүп чыгарат. Талаа өсүмдүктөрү менен азыктанасың.

    3:19 өзүң алынган жерге кайра барганыңча, маңдай териң менен нан таап жейсиң, анткени сен топураксың, топуракка кайра барасың».

    3:20 Адам аялынын атын Обо койду, анткени ал жер үстүндө жашагандардын баарынын энеси болуп калды.

    3:21 Кудай-Теңир Адамга жана анын аялына терини кийим кылып кийгизди.

    Адам ата менен Обо эненин эйден багынан куулуп чыгышы

    3:22 Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Мына, Адам Биздей болуп жакшылык менен жамандыкты билип калды. эми ал колун сунуп, өмүр дарагынын жемишинен да жеп алып, түбөлүккө жашап калбасын».

    3:23 Ошентип, Кудай-Теңир аны өзү жаратылган топуракты иштетсин деп, эйден багынан кууп чыкты.

    3:24 Адамды кууп чыккандан кийин, чыгыштагы эйден багынын жанына өмүр дарагына баруучу жолду кайтаруу үчүн, керупту жана айланып турган оттуу кылычты коюп койду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск