Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Аввакум 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Хабакуктун сыйынуусу

    3:1 Хабакук пайгамбардын сыйынуусу, ырдоо үчүн.

    3:2 Теңир! Мен Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим. Теңир! Жакынкы жылдары өз ишиңди бүтүр, жакынкы жылдары аны жүзөгө ашыр. Каарданып жатканыңда, ырайым жөнүндө үсте.

    3:3 Кудай Теймандан келе жатат, Ыйык Паран тоосунан келе жатат. Анын улуулугу асманды каптады, жер Анын даңкына толду.

    3:4 Анын жаркырашы күндүн жарыгындай. Анын колунан нур чачырайт. Анын күчү сакталган жашыруун жер – ошол жер!

    3:5 Анын алдында жугуштуу дарт бара жатат, артында куйкалоочу шамал келе жатат.

    3:6 Ал туруп, жерди солкулдатты. Карап, элдерди калтыратты. Байыркы тоолор кулады, алгачкы адырлар урады. Анын жолдору түбөлүктүү.

    3:7 Мен эфиопиялыктардын чатырларынын кайгыга батканын көрдүм. Мидиан жериндеги алачыктар солкулдап жатат.

    3:8 Теңир, Сенин каарың дарыяларга жалындады беле? өз аттарыңа минип, өзүңдүн куткаруучу майдан арабаларыңа түшкүдөй, Сен дарыяларга кыжырдандың беле же деңизге каардандың беле?

    3:9 Урууларга берген антың боюнча Сен өз кылычыңды кынынан суурудуң. Сен жерди суулар менен жардың.

    3:10 Сени көрүп, тоолор титиреди, суулар ташыды, туңгуюк өз добушун чыгарды, өз колдорун бийик көтөрдү.

    3:11 Сенин атылган жебелериңдин жарыгынан, Сенин жалтылдаган найзаларыңдын жарыгынан күн менен ай өз ордунда токтоп калды.

    3:12 Сен жер үстүндө каарданып басып жүрдүң, кыжырданып, элдерди тебеледиң.

    3:13 Сен өз элиңди куткарыш үчүн, өзүңдүн майланганыңды куткарыш үчүн чыктың. Сен мыйзамсыз эйдүн башчысын кыйраттың, ал эйдү пайдубалынан төбөсүнө чейин жылаңачтадың.

    3:14 Сен анын аскер башчысын өзүнүн найзасы менен башка сайдың. Алар мени кыйратыш үчүн, куюндай жулкунуп келишти. Алардын кубанычы жакырды жашыруун жутуп алгысы келгендин кубанычына окшош.

    3:15 Сен өз аттарың менен деңиздерден, чоң суулардын иримдеринен өттүң.

    3:16 Муну укканда, менин ички дүйнөм титиреп кетти. Бул кабардан эриндерим дирилдеп, сай-сөөгүм сыздап кетти, тизелерим титиреди. Бирок мен алаамат түшкөн күнү, элиме талоончу келгенде, кабатыр болбошум керек.

    3:17 Анжыр гүлдөбөй калса да, жүзүм сабагы мөмө бербей калса да, зайтун дарагы жемиш бербей калса да, эгин талаасы аштык бербей калса да, короодо майда мал калбай калса да, акырларда байланган бодо мал калбай калса да,

    3:18 мен Теңирим менен кубанам, мени куткарган Кудайым менен шаттанам.

    3:19 Кудай-Теңир менин күчүм, Ал менин буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени өзүмдүн бийик жерлериме чыгарат! (Ырчылар тобунун башчысына).

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск