Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Софония 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Теңирдин улуу күнү жөнүндө пайгамбарчылык

    1:1 Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда Жехиския уулу, Амария уулу, Гедалия уулу, Куши уулу Сепанияга Теңирден болгон сөз.

    1:2 «Бардыгын жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир. –

    1:3 Адамдарды да, жаныбарларды да, асман канаттууларын да, деңиз балыктарын да жок кылам, мыйзамсыздарды азгырыктары менен кошо жок кылам. Адамдарды жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир.

    1:4 Мен өз колумду Жүйүткө жана Иерусалимдин бардык тургундарына каршы сунам. Бул жерден Баалдын калдыгын, анын буткана кызматчыларынын ысымын да, кызматчыларын да жок кылам.

    1:5 Yйдүн үстүндө туруп алып, асман кошуундарына табынгандарды, Теңир менен ант бергендерди, өздөрүнүн падышалары менен ант бергендерди жок кылам.

    1:6 Теңирден баш тарткандарды, Теңирди издебегендерди, Ал жөнүндө сурабагандарды жок кылам.

    1:7 Кудай-Теңирдин алдында унчукпа, анткени Теңирдин күнү жакын. Чалына турган курмандыкты Теңир даярдап койгон, кимди чакырууну белгилеп койгон.

    1:8 Курмандык чалына турган Теңирдин күнү мындай болот: Мен төрөлөрдү, падышанын уулдарын жана бөтөн уруулардын кийимин кийгендердин бардыгын жазалайм.

    1:9 Мен ошол күнү босогодон секирип өткөндөрдүн баарын, өз Теңиринин үйүн зордук-зомбулукка, алдамчылыкка толтургандардын баарын жазалайм.

    1:10 Ошол күнү, – дейт Теңир, – Балык дарбазасынын алдында ый, башка дарбазалардын алдында өкүрүк, дөбөлөрдө чоң кыйроо болот.

    1:11 Шаардын төмөнкү бөлүгүндө жашагандар, боздоп ыйлагыла, анткени соода-сатык кылган эл бүт бойдон жок болот, күмүштүн түйшүгүн тарткандар кырылат.

    1:12 Ошол учурда мындай болот: Мен Иерусалимди чырактан менен карап чыгам да, өздөрүнүн ачыткысынын үстүндө отуруп алып, ичинен “Теңир жакшылык да, жамандык да кылбайт” дегендерди жазалайм.

    1:13 Алардын байлыгы олжого кетет, үйлөрү эүн калат: үйлөрдү салышат, бирок ал үйлөрдө жашашпайт, жүзүмдүктөрдү отургузушат, бирок алардын шарабын ичишпейт.

    1:14 Теңирдин улуу күнү жакын, абдан жакын, абдан шашып келе жатат. Теңир күнүнүн добушу угулуп жатат. Ошондо эң күчтүү да ачуу кыйкырат!

    1:15 Ал күн – каардын, кайгы менен кысымчылыктын, кыйроо менен бүлгүн-чапкындын, караңгы менен туңгуюктун, булут менен мунарыктын,

    1:16 сепил-чептүү шаарларга жана бийик мунараларга каршы сурнай тартуу жана согуш ураандарын чакыруу күнү.

    1:17 Мен адамдарды кысымга алам, ошондо алар сокурларга окшоп басып калышат, анткени алар Теңирге каршы күнөө кылышты, алардын каны топурактай, денелери кыктай туш-тушка чачылат.

    1:18 Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды күмүшү да, алтыны да куткара албайт, бул жер бүт бойдон Анын кызганычынын оту менен өрттөлөт, анткени Ал бул жерде жашагандардын бардыгын күтүлбөгөн жерден кырып жок кылат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск