Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Софония 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    үлди Кудайдан кечирим суроого чакыруу

    2:1 Жүгөнсүз эл, өзүңөрдү жакшылап изилдегиле,

    2:2 Кудайдын өкүмү чыкканга чейин, топон сыяктуу сапырылып кеткениңерге чейин, силерди Теңирдин жалындуу каары каптаганга чейин, силерге Теңирдин катуу каары төгүлө турган күн келгенге чейин, өзүңөрдү изилдегиле!

    2:3 Жердеги бардык момундар, Теңирдин мыйзамдарын аткаргандар, Теңирди издегиле. Адилеттикти издегиле, момундукту издегиле. Балким, силер Теңирдин каары төгүлгөн күнү аман каларсыңар.

    үлдердин жазаланары жөнүндө

    2:4 Анткени Азаны таштай качышат, Ашкелонду эүн калтырышат, Азотту чак түштө кууп чыгышат, экронду түп-тамыры менен жок кылышат.

    2:5 Деңиз жүүгиндеги өлкөнүн тургундарына, Крит элине кайгы! Канаан, Пелишти жери, Теңирдин сөзү силерге каршы! Мен сени жок кылам, сенин тургундарың жок болот.

    2:6 Деңиз жүүгиндеги өлкө койчулардын кой короосуна жана малдын кашаасына айланат.

    2:7 Бул аймак Жүйүттүн калдыгына тиет, ошол жерге мал жайышат, кечкисин Ашкелондун үйлөрүндө эс алышат, анткени аларга өздөрүнүн Кудай-Теңири келип, алардын туткундарын кайрып келет.

    2:8 Мен Мааптын шылдыңын, Амон уулдарынын жаман сөздөрүн уктум, алардын Менин элимди кандай кордогонун, анын аймактарында кандай текеберденгенин уктум.

    2:9 Ошондуктан – дейт Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, – Маап Содомдой, Амон уулдары Амордой болот, алар чалкан баскан жерге, шор баскан чуңкурчаларга, түбөлүк эрме чөлгө айланышат. Менин элимдин калдыгы аны талап-тоноп алат, Менин адамдарымдын ичинен аман калгандары аларды мурастап алышат, Мен тирүүмүн!

    2:10 Бул аларга алардын текебердиги үчүн, Себайот Теңирдин элине кордук көрсөтүп, менменсинишкени үчүн болот.

    2:11 Алар Теңирден коркуп калышат, анткени Ал жер үстүндөгү бардык кудайларды жок кылат. Бардык аралдардын элдери, ар бири өз жеринде Ага табынышат.

    2:12 Силер да, эфиопиялыктар, Менин кылычым менен өлтүрүлөсүңөр».

    2:13 Ал өз колун түндүккө каршы сунуп, Ашурду жок кылат, Нинебини урандыга, чөл сыяктуу какшыган жерге айлантат.

    2:14 Ал жерге ар кандай мал жана жапайы жаныбарлар байыр алышат. Анын дарбазаларынын мамыларына биргазан менен кирпи чечен түнөйт. Алардын эндөрү терезелерден угулат, эшиктердин мамылары кыйраган, анткени аларга капталган кедр жыгачтары сыйрылып калган.

    2:15 Салтанат куруп, бейкапар жашаган, жүрөгүндө: «Мен эле бармын, менден башка үч ким жок», – деген шаарга ушундай болот. Ал кандай кыйрады! Ал жырткычтардын түнөгүнө айланды! Анын жанынан өткөн ар бир адам ышкырып, колун шилтейт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск