Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Софония 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Иерусалимдин күнөөсү

    3:1 Козголоңчул, булганган, ырайымсыз шаарга кайгы!

    3:2 Ал сөздү укпайт, акыл-насаатты кабыл албайт, Теңирге таянбайт, өз Кудайына жакындабайт.

    3:3 Анын төрөлөрү – ырылдаган арстандар, башкаруучулары – иңирдеги карышкырлар, алар таңга чейин бир да сөөк калтырышпайт.

    3:4 Анын пайгамбарлары – жеңил ойлуу, ишенимсиз адамдар. Анын ыйык кызмат кылуучулары ыйык нерселерди булгашат, мыйзамды тебелеп-тепсешет.

    3:5 Адилет Теңир анын ичинде, адилетсиздик жасабайт, ар дайым эртең менен өзүнүн адилет өкүмүн көрсөтүп турат. Бирок мыйзамсыз адам уят-сыйытты билбейт.

    3:6 «Мен элдерди кырдым, алардын чептери кыйратылды. Алардын көчөлөрүн эүн калтырдым, эми ал көчөлөрдөн үч ким баспайт. Алардын шаарлары талкаланды: аларда үч ким жашабай калды, бир да адам калган жок.

    3:7 Мен ага: “Менден гана корк, акыл-насаатты кабыл ал!” – дегем. Менден коркуп, акыл-насаатымды кабыл алганда, анын турак жайы кыйратылмак эмес, ал үчүн Мен белгилеген нерсе анын башына түшмөк эмес. Бирок алар өздөрүнүн бардык жаман иштерин тырышчаактык менен улантып жатышты.

    3:8 Ошондуктан Мен кыйратуу үчүн ордуман турган күнгө чейин, Мени күткүлө, – дейт Теңир, – анткени Мен элдерди чогултуш үчүн, падышачылыктарды чакырыш үчүн, аларга өзүмдүн каарымды, өзүмдүн жалындаган каарымды төгүш үчүн өкүм чыгардым. Анткени бүт жер жүзүн Менин кызганычымдын оту жалмайт.

    3:9 Ошондо бардык элдер Теңирдин ысымын чакырсын деп, Ага бир кишидей кызмат кылсын деп, Мен аларга кайрадан таза ооз берем.

    3:10 үфиопия дарыяларынын аркы өйүзүндөгү өлкөлөрдөн Мага табынуучулар – Менин чачырап кеткен элимдин балдары Мага тартуу алып келишет.

    3:11 Ошол күнү сен өзүңдү Мага каршы жасаган ар кандай күнөөлүү иштериң менен булгабайсың, анткени Мен ошол күнү сенин ичиңден сенин атагың менен мактангандарды жок кылам, ошондон кийин Менин ыйык тоомдо өзүңдү жогору көтөрбөйсүң.

    3:12 Бирок сенин ичиңе момун, жөнөкөй элди калтырам, алар Теңирдин ысымына таянышат.

    3:13 Ысрайылдын калдыгы адилетсиздик кылбайт, жалган сүйлөбөйт, алардын оозунда айлакер тил болбойт. Алар тынч оттоп, жайылып жүргөн койлордой болушат, үч ким алардын тынчын албайт».

    Теңирден кечирим суроого чакыруу

    3:14 Кубан, Сион кызы! Салтанат кур, Ысрайыл! Бүт жүрөгүң менен кубан, шаттан, Иерусалим кызы!

    3:15 Теңир сени жазалабай турган болду, сенин душманыңды кууп чыкты! Теңир, Ысрайыл Падышасы, сени менен, мындан ары жамандыктан коркпойсуң.

    3:16 Ошол күнү Иерусалимге: «Коркпогун», Сионго: «Сенин колуңдан күч кетпесин!

    3:17 Сенин Кудай-Теңириң сени менен, Анын сени куткарганга күчү жетет. Ал сен үчүн абдан кубанат, өз сүйүүсү менен сага ырайым кылат, сен жөнүндө шаттанып салтанат курат», – дешет.

    3:18 «Салтанаттуу майрамдар үчүн кайгыргандарды Мен чогултам. Алар сенин адамдарың, алардын үстүндө маскарачылык жатат.

    3:19 Мына, Мен ошол учурда сени кысымга алгандардын баарын жок кылам, аксагандарды куткарам, чачырап кеткендерди чогултам, алар кайсы жерде кордолушса, ошол жерде аларды атактуу, даңктуу кылам.

    3:20 Ошол учурда силерди алып келем, ошол эле учурда силерди чогултам. Мен силердин туткундарыңарды көз алдыңарда кайрып келип, силерди жер үстүндөгү бардык элдердин арасында атактуу, даңктуу кылам», – дейт Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск