Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Аггей 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Ийбадаткананы калыбына келтирүү жөнүндөгү Теңирдин буйругу

    1:1 Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылында, алтынчы айдын биринчи күнү Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга жана башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду.

    1:2 Себайот Теңир мындай деди: «Бул эл: “Али убакыт келе элек, Теңир үйүн курганга убакыт келе элек”, – деп жатат».

    1:3 Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду:

    1:4 «Бул эй кыйрап жатса, өзүңөрдүн жасалгалуу үйүңөрдө жашай турган убакпы?»

    1:5 Ошондуктан бүгүн Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.

    1:6 Силер эрөндү көп сүүп, бирок түшүмдү аз алып жатасыңар; жеп, бирок тойбой жатасыңар; ичип, бирок суусунуңар канбай жатат; кийим кийип, бирок жылыбай жатасыңар; эмгек акы тапкандар түбү тешик намыян үчүн эмгектенип жатышат».

    1:7 Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.

    1:8 Тоого чыгып, жыгач көтөрүп келип, ийбадаткана кургула. Мен ага ыраазы болом жана даңкталам, – дейт Теңир.

    1:9 Көп нерсени күтүп, бирок аз нерсе алып жатасыңар. Yйүңөргө эмнени алып келсеңер, Мен аны сапырып жиберем. эмне үчүн? – дейт Себайот Теңир. – Менин үйүм үчүн, ал кыйрап жатса, ар кимиңер өз үйүңөргө чуркайсыңар.

    1:10 Ошон үчүн асман жабылып, силерге шүүдүрүм бербей жатат, жер өз түшүмүн бербей жатат.

    1:11 Мен жерге, тоолорго, эгинге, жүзүм ширесине, зайтун майына, жер эмнени өстүрүп чыгарса, ошонун баарына, адамга, малга, ар кандай кол эмгекке кургакчылык чакырдым».

    үлдин тил алуусу

    1:12 Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жетсадак уулу Жешуя жана элдин бардыгы өз Кудай-Теңиринин үнүн, өздөрүнүн Кудай-Теңири жиберген Акай пайгамбардын сөзүн угушту. эл Теңирден коркуп калды.

    1:13 Ошондо Теңирдин кабарчысы Акай элге Теңирдин сөзүн айтты: «Мен силер мененмин, – дейт Теңир».

    1:14 Теңир Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылдын рухун, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын рухун жана элдин бүт калдыгынын рухун козгоду, ошондо алар келишип, өз Кудайынын – Себайот Теңирдин үйүндө иштей башташты.

    1:15 Ишти Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылы, алтынчы айдын жыйырма төртүнчү күнү башташты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск