Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 39

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    39-БөЛЄМ

    Хискиянын жаңылыштыгы

    39:1 Ошол кезде Бабыл падышасы Баладан уулу Меродах-Баладан Хискияга кат жана белектерди жиберди, анткени Хискиянын ооруп айыкканын уккан.

    39:2 Хиския жиберилген элчилерге кубанып, аларга өзүнүн казына үйүн: алтын-күмүштөрүн, жыпар жыттуу заттарын, кымбат баалуу, жыпар жыттуу майларын, курал-жарак сактаган үйүн, кампаларын, аларда эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хиския өз үйүндөгү, өз падышачылыгындагы бардык нерсени көрсөттү, аларга көрсөтпөгөн үч нерсеси калган жок.

    39:3 Ошондо Ышайа пайгамбар Хиския падышага келип: «Бул кишилер эмне дешти, алар сага кайдан келишти?» – деп сурады. Хиския ага: «Алар мага алыс жактан, Бабылдан келишти», – деп жооп берди.

    39:4 Ышайа: «Алар сенин үйүңдөн эмнени көрүштү?» – деп сурады. Хиския: «Алар менин үйүмдө эмне болсо, ошонун баарын көрүштү. Менин казыналарымда аларга көрсөтпөгөн үч нерсе калган жок», – деп жооп берди.

    39:5 Ошондо Ышайа Хискияга мындай деди: «Себайот Теңирдин сөзүн ук:

    39:6 “Сенин үйүңдө эмне болсо, ошонун баарын, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне жыйнап келишсе, ошонун баарын Бабылга алып кетчү күндөр келет. үч нерсе калбайт, – дейт Теңир.

    39:7 Сенин тукумуңдан, сенин уулдарыңдан алып кетишет, алар Бабыл падышасынын падыша сарайында эбнух болушат”».

    39:8 Ошондо Хиския Ышайага: «Сен айткан Теңирдин сөзү жакшы», – деди. Ал: «Менин өмүрүм өткүчө тынчтык жана жыргалчылык болот», – деп ойлогондуктан ушинтип айтты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск