Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 40

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    40-БөЛЄМ

    Ємүт берүүчү сөздөр

    40:1 «Менин элимди соороткула, соороткула, – дейт силердин Кудайыңар.

    40:2 Иерусалимдин жүрөгүнө айткыла, ага анын күрөшүү мезгили аяктаганын жарыя кылгыла, анын күнөөсү кечирилгенин кабарлагыла, анткени ал Теңирдин колунан өзүнүн күнөөсү үчүн эки эсе жаза алды».

    40:3 үэн талаада жар салган адамдын үнү: «Теңирге жол даярдагыла, талаага биздин Кудайга түз жол жасагыла.

    40:4 Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен дөңдөрдүн баары текшиленсин, ийри-буйру жерлер түздөлсүн, өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин.

    40:5 Ошондо Теңирдин даңкы келет, ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт, анткени муну Теңир өз оозу менен айтты».

    40:6 Yн мындай дейт: «Кабарла!» Мен: «үмнени кабарлайын?» – деп сурадым. Ар бир адам – чөп, анын сулуулугу талаа гүлдөрү сыяктуу.

    40:7 Чөп куурайт, гүл соолуйт, Теңирдин деми элди үйлөгөндө, ал да чөпкө окшоп соолуйт.

    40:8 Чөп куурайт, гүл соолуйт, ал эми биздин Кудайыбыздын сөзү түбөлүк турат.

    40:9 Жакшы кабар таратуучу Сион, бийик тоого чык! Жакшы кабар таратуучу Иерусалим, үнүңдү катуу чыгар! Yнүңдү чыгар, коркпо, Жүйүт шаарларына: «Силердин Кудай мына!» – деп айт.

    40:10 Мына, Кудай-Теңир күч менен, Анын каруу-булчуңу бийлик менен келе жатат. Анын белеги өзү менен, Анын жазасы да өзүнүн алдында.

    40:11 Ал өзүнүн койлорун койчу сыяктуу кайтарат, козуларын колуна алып, бооруна кысып көтөрүп жүрөт, саандарын жетелеп алат.

    Кудайдын улуулугу

    40:12 Ким сууну кочуштап өлчөдү? Ким асманды кадамдап ченеди? Ким жер топурагын идишке батырды? Ким тоолорду таразага тартты? Ким адырларды чөйчөккө салып, таразага тартты?

    40:13 Ким Теңирдин рухун түшүндү? Ким Ага кеңешчи болду? Ким Ага акыл эйрөттү?

    40:14 Ал ким менен кеңешет? Аны ким акылга салат? Ким Аны чындыктын жолуна салып, Ага акыл-насаат айтат? Ким Ага билим берет? Ким Ага акылмандыктын жолун көрсөтөт?

    40:15 Мына, элдер чакадан тамган тамчыдай, таразадагы чаңдын бир бүртүгүндөй болуп эсептелинет. Мына, Ал аралдарды топурактын күкүмүндөй сапырып жатат.

    40:16 Курмандык чалынуучу жайдын отуна Лебанон да аздык кылат, анын жаныбарлары бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка аздык кылат.

    40:17 Анын алдында бардык элдер үч нерсе эмес. Алар Ал үчүн санда жоктуктан да, жок нерседен да төмөн болуп эсептелишет.

    40:18 Ошондуктан силер Теңирди кимге окшоштурасыңар? Аны кайсы бейнеге салыштыра аласыңар?

    40:19 Бурканды сүрөтчү куят, зергер аны алтын менен каптайт, күмүш чынжырларды кошо жасайт.

    40:20 Ал эми мындай тартуу алып келе албаган адам бекем тура турган бурканды жасатыш үчүн, чирибес жыгачты тандап алып, мыкты сүрөтчүнү издейт.

    40:21 Чын эле, силер билбейсиңерби? Чын эле, силер уккан жок белеңер? Чын эле, силерге башынан айтылган жок беле? Чын эле, силер жердин негиздерин түшүнгөн жок белеңер?

    40:22 Ал – жер шарынын үстүндө отурган Теңир, ал эми жердин үстүндө жашагандын бардыгы Анын алдында чегиртке сыяктуу. Ал асманды жука кездемедей жазды, аны турак жай үчүн чатырдай кылып жайды.

    40:23 Төрөлөрдү жок нерсеге, башкаруучуларды санда жоктукка айландырган – Ал.

    40:24 Алар жаңы эле тигилип, жаңы эле себилгенде, алардын өзөгү жерге жаңы эле тамыр жайганда, Теңир аларды үйлөп койсо, алар кургап калат, аларды куюн самандай учуруп кетет.

    40:25 «Мени кимге окшоштуруп, кимге салыштырып жатасыңар?» – дейт Ыйык.

    40:26 Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты? Ким Анын кошуундарын эсеби менен чыгарып турат? Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт: Анын кудурети күчтүү болгондуктан, күч-кубаты зор болгондуктан, үч нерсе жоголуп кетпейт.

    40:27 Анан сен кантип: «Менин жолум Теңирден жашыруун, Кудай менин ишимди унутуп койгон», – деп айтып жатасың, Жакып, Ысрайыл, сен ушундай сөздү кантип айтып жатасың?

    40:28 Чын эле, сен билбейсиңби? Чын эле, сен бүт жер жүзүн жараткан түбөлүктүү Кудай-Теңир чарчабас жана алсырабас экенин уккан жок белең? Анын акылы изилденгис.

    40:29 Ал чарчаганга күч берет, алсыраганга кубат берет.

    40:30 Уландар да чарчашат, алсырашат, жаш адамдар да мүдүрүлүшөт.

    40:31 Ал эми Теңирден эмүттөнгөндөр кайрадан күчкө толушат, бүркүттөй болуп канаттарын көтөрүшөт, чуркашат, бирок чарчашпайт, жөнөшөт, бирок алсырашпайт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск