Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 41

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    41-БөЛЄМ

    Уландысы

    41:1 «Аралдар, Менин алдымда унчукпай калгыла, элдер кайра күчкө толсун, алар жакын келишип: “Сот алдында бирге турабыз”, – дешсин».

    41:2 Чыгыштан адил адамды ким тургузду? Ким аны өзүнүн артынан жүрүүгө чакырды? Ким анын колуна элдерди салып берип, падышаларды багынтты? Ал аларды анын кылычы менен топуракка айландырды, анын жаасы менен шамал учурган саманга айландырды.

    41:3 Ал аларды кубалап, үч качан буту баспаган жол менен жайбаракат бара жатат.

    41:4 Муну ким кылды? Муну ким жүзөгө ашырды? Урууларды байыртадан чакырган ким? «Мен, Теңир, биринчимин, акыркы уруулар учурунда да Мен ошол элемин».

    41:5 Аралдар көрүп, эрөйлөрү учту, бүт жер жүзү титиреп кетти. Алар жакындап келип, биригип калышты.

    41:6 Ар ким өз жакынына жардамдашып, өз бир тууганына: «Кайраттан», – дейт.

    41:7 Темир уста эритүүчүнүн көңүлүн көтөрөт, балка менен темир түздөгөн адам дөшүгө соккон адамга ширетилген жери жөнүндө «жакшы» деп айтып, бекем болуш үчүн мык менен бекитет.

    41:8 «Ал эми сен, Ысрайыл, өзүм тандап алган кулум Жакып, Менин досум Ыбрайымдын тукуму,

    41:9 Мен сени жердин аягынан алгам, жер кыйырынан чакырып алып, сага мындай деп айткам: “Сен Менин кулумсуң, Мен сени тандап алдым, ошондуктан Мен сени четке какпайм”.

    41:10 Коркпо, анткени Мен сени мененмин, эрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм.

    41:11 Мына, сага каардангандардын баары уятка калып, маскара болушат, сени менен тирешкендердин баары үч нерсеге турбай калат, жок болот.

    41:12 өзүңө каршы чыккандарды издейсиң, бирок таппайсың. Сени менен каршылашкандар үч нерсеге турбай калат.

    41:13 Анткени Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: “Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам”.

    41:14 Коркпогун, курт Жакып, эли аз Ысрайыл, Мен сага жардам берип жатам, – дейт Теңир, сенин Куткаруучуң, Ысрайылдын Ыйыгы.

    41:15 Мына, Мен сени курч, жаңы, тиштүү моло таш кылдым, сен тоолорду малалап майдалайсың, дөңдөрдү топонго айландырасың.

    41:16 Сен аларды сапырасың, аларды шамал айдап, таратып жиберет, куюн учуруп кетет. Сен болсо Теңир тууралуу кубанасың, Ысрайылдын Ыйыгы менен мактанасың.

    41:17 Жакырлар менен кедей-кембагалдар суу издеп жүрүшөт, бирок суу жок, алардын тилдери суусагандан кургап жатат. Мен, Теңир, аларды угам, Мен, Ысрайылдын Кудайы, аларды таштабайм.

    41:18 Тоолордон дарыя, өрөөндөрдөн булак чыгарам, чөлдү көлгө айландырам, какшыган жерди суу булагына айландырам.

    41:19 Чөлгө кедр, акация, мирта, зайтун дарактарын отургузам, талаага кипарис, клён, бук дарактарын тигем.

    41:20 Ошондо алар буларды Теңирдин колу жасаганын, Ысрайылдын Ыйыгы жаратканын көрүшөт, таанып билишет, байкашат, түшүнүшөт».

    Теңир – чыныгы Кудай

    41:21 «Ишиңерди көрсөткүлө, – дейт Теңир. өзүңөрдүн далилиңерди келтиргиле, – дейт Жакыптын Падышасы.

    41:22 Алар бизге эмне болорун көрсөтүшсүн жана айтышсын, бир нерсе болордон мурда алдын ала кабарлашсын, ошондо биз акылыбыз менен түшүнүп, анын аягы эмне менен бүткөнүн билебиз, же болбосо бизге келечек жөнүндө алдын ала айтышсын.

    41:23 Келечекте эмне болорун айткыла, ошондо биз силердин кудай экениңерди билебиз, же болбосо жакшы же жаман бир нерсе жасагыла, биз таң калып, силер менен бирге көрөлү.

    41:24 Бирок силер санда жок нерсесиңер, ишиңер да үч нерсеге жарабайт, силерди тандап алган адам жийиркеничтүү.

    41:25 Мен аны түндүктөн тургуздум, ал келет. Күн чыгыштан Менин ысымымды чакырат, өкүмдарларды ылайдай тепсейт, карапачы чопо тебелегендей тебелейт.

    41:26 Биз билишибиз үчүн, бул жөнүндө бизге башынан ким кабарлады эле? Биз “Ушул чынбы?” деп айтыш үчүн, бизге ким алдын ала айтып койду эле? үч ким айткан жок, үч ким кабарлаган жок, үч ким силердин сөзүңөрдү уккан жок.

    41:27 Мен Сионго: “Ал мына!” – деп, биринчи айттым, Иерусалимге жакшы кабарчыны бердим.

    41:28 Ошондуктан Мен карап турдум, бирок үч ким көрүнгөн жок. Мен алардан сураганда, алардын арасынан Мага жооп берер кеңешчи табылган жок.

    41:29 Алардын бардыгы – санда жок нерсе, алардын иштери да болбогон нерсе. Алардын буркандары – жел жана боштук.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск