Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 42

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    42-БөЛЄМ

    Теңирдин кулу

    42:1 Мына, Менин Кулум, Мен Аны колунан кармап турам, Ал Менин тандап алганым, Аны Менин жаным жакшы көрөт. Мен Ага өзүмдүн Рухумду берем, Ал элдерге акыйкаттыкты жар салат.

    42:2 Ал кыйкырбайт, үнүн көтөрбөйт, Ал өзүнүн үнүн көчөдө угузбайт.

    42:3 Чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт. Сотту чындык боюнча жүргүзөт.

    42:4 Жер үстүндө акыйкаттык орнотмоюнча, Ал алсырабайт жана чарчабайт, ошондо Анын мыйзамына аралдар таянышат».

    42:5 Асманды жана анын мейкиндигин жараткан, жерди өсүмдүктөрү менен кошо жайган, анын үстүндөгү элдерге өмүр берген, анын үстүндө басып жүргөндөргө рух берген Кудай-Теңир ушундай дейт.

    42:6 «Мен, Теңир, Сени акыйкаттыкка чакырдым. Сени колуңдан кармап жүрөм, Сени сактап жүрөм, Сени эл үчүн келишим кылып коём, бутпарастар үчүн жарык кылып коём.

    42:7 Сокурлардын көзүн ачыш үчүн, туткундарды камактан чыгарыш үчүн, караңгыда отургандарды зындандан чыгарыш үчүн ошентем.

    42:8 Мен Теңирмин, бул Менин ысымым, Мен өз даңкымды башка бирөөгө бербейм, өз даңкымды буркандарга бербейм.

    42:9 Мына, алдын ала айтылгандар аткарылды, эми Мен жаңысын алдын ала айтам, ал аткарыла электе эле, Мен силерге алдын ала айтам».

    Мактоо ыры

    42:10 Теңирге жаңы ыр ырдагыла! Бүт жер жүзү, силер, деңизде сүзүп жүргөндөр, аны толтурган баарыңар, аралдар жана анда жашагандар, Теңирди даңктагыла!

    42:11 Чөл жана анын шаарлары, Кейдар жашаган айыл-кыштактар үнүн бийик чыгарышсын. Аска-зоолордо жашагандар кубанышсын, тоонун чокуларынан кыйкырышсын!

    42:12 Теңирди даңкташсын, Анын даңкын аралдарда жар салышсын!

    42:13 Теңир алп сыяктуу чыгат, согуштун баатыры сыяктуу кызганычты козгойт, өзүнүн душмандарын жеңип, кубаныч менен ураан чакырат.

    Кудайдын убадасы

    42:14 «Мен көпкө чейин унчуккан жокмун, чыдадым, өзүмдү кармадым. эми төрөп жаткан аялдай кыйкырам, бардыгын кыйратып, жутуп жиберем.

    42:15 Тоолорду, адырларды кыйратам, алардын бүт чөбүн кууратам, дарыяларды аралга айландырам, көлдөрдү какшытам,

    42:16 сокурларды өздөрү билбеген жолдор менен жетелейм, аларды белгисиз жолдор менен алып жүрөм, алардын алдында караңгылыкты жарыкка айландырам, кыйшык жолдорду түз кылам: Мен алар үчүн мына ушундай кылам, аларды таштабайм.

    42:17 Ошондо буркандардан эмүттөнгөндөр, жасалма кудайга: “Силер биздин кудайыбызсыңар”, – дегендер артка качып, катуу уят болушат.

    Ысрайылдын жазаланары жөнүндө

    42:18 Дүлөйлөр, уккула, сокурлар, көрүш үчүн карагыла!

    42:19 Менин кулумдай сокур кул барбы? Мен жиберген кабарчыдай дүлөй кабарчы барбы? Менин сүйүктүүмдөй сокур барбы? Теңирдин кулундай сокур барбы?

    42:20 Сен көптү көрдүң, бирок байкаган жоксуң, кулагың ачык болду, бирок үч нерсе уккан жоксуң».

    42:21 Теңир өзүнүн чындыгы үчүн мыйзамды даңазалоону, даңктоону каалады.

    42:22 Бирок бул эл талкаланып, таланып-тонолду. Алардын бардыгы үңкүрлөрдө байлануу, зындандарда катылуу. Алар олжо болушту, куткарар үч ким жок, бардыгы тонолушту, бирок «Кайра бер» деп, үч ким айта албайт.

    42:23 Буга силердин араңардан ким кулак төшөдү? Келечек үчүн буга ким назар салды, муну ким укту?

    42:24 Жакыпты кыйратуучуларга, Ысрайылды талоончуларга ким салып берди? Теңир эмеспи? Биз Ага каршы күнөө кылдык. Алар Теңирдин жолу менен жүргүсү келген жок, алар Анын мыйзамын угушкан жок.

    42:25 Ошондо Теңир аларга катуу каарын төктү, катаал согуш жиберди. Согуш аларды туш-туштан жалын менен курчады, бирок алар билишкен жок. Алар күйүштү, бирок муну жүрөгү менен түшүнүшкөн жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск