Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 43

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    43-БөЛЄМ

    Ысрайылдын калыбына келтирилиши

    43:1 Жакып, сени жараткан, Ысрайыл, сени жасаган Теңир азыр мындай дейт: «Коркпогун, анткени Мен сени куткарып алдым, Мен сени өз атыңдан чакырдым, сен Меникисиң.

    43:2 Сен суулардан өтүп бара жатканда, Мен сени мененмин, сен дарыялардан өтүп бара жатканда, алар сени чөктүрбөйт. Оттон өтүп бара жатканда, күйбөйсүң, жалын да сени куйкалабайт.

    43:3 Анткени Мен Теңирмин, сенин Кудайыңмын, Ысрайылдын Ыйыгымын, сенин Куткаруучуңмун, сенин кунуңа Мисирди, эфиопияны бердим, Шебаны да сен үчүн бердим.

    43:4 Сен Менин көз алдымда кымбат, баа жеткис болгондуктан, Мен сени сүйгөндүктөн, сен үчүн адамдарды бердим, сенин жаның үчүн элдерди берем.

    43:5 Коркпо, анткени Мен сени мененмин, сенин тукумуңду чыгыштан алып келем, сени батыштан чогултам.

    43:6 Түндүккө: “Бергин”, – деп айтам, түштүккө: “Кармаба”, – деп айтам. “Алыстан Менин уулдарымды, жер кыйырынан Менин кыздарымды алып кел.

    43:7 Менин ысымым менен аталган, өзүмдүн даңкым үчүн жараткан, түзгөн жана орноткон ар бир адамды алып кел”, – деп айтам.

    Ысрайыл – Теңирдин күбөсү

    43:8 Көзү бар болсо да сокур элди, кулагы бар болсо да дүлөй элди алып чык».

    43:9 Бардык элдер чогулушсун, бардык уруулар биригишсин. Алардын арасынан ким муну алдын ала айтты? Башында эмне болгонун алдын ала айтып көрүшсүн, өздөрүнүн күбөлөрүн көрсөтүп, актанып көрүшсүн. Аларды уккандар: «Туура!» – деп айткыдай болушсун.

    43:10 «Менин күбөлөрүм болсо – силер жана өзүм тандап алган кулум, – дейт Теңир. Мен аны бул Мен экенимди билишиңер үчүн, Мага ишенишиңер үчүн, түшүнүшүңөр үчүн тандап алгам. Менден мурун Кудай болгон эмес, Менден кийин да болбойт.

    43:11 Мен, Мен Теңирмин, Менден башка Куткаруучу жок.

    43:12 Мен алдын ала айттым, куткардым жана кабарладым. Силердин Менден башка кудайыңар жок. Менин Кудай экениме силер күбөсүңөр, – дейт Теңир.

    43:13 Башынан бери эле Мен Ошолмун. Менин колумдан үч ким куткарып ала албайт. Мен кылам, аны ким өзгөртө алат?

    43:14 Теңир, Кун Төлөгөн Куткаруучуңар, Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: Силер үчүн Мен Бабылга аскерлерди жибердим, бардык кулпуларды жана кемелери менен мактанган каздимдерди талкаладым.

    43:15 Мен Теңирмин, силердин Ыйыгыңармын, Ысрайылдын Жаратуучусумун, силердин Падышаңармын».

    43:16 Деңиздин ортосунан жол ачкан, чоң сууларга жол салган,

    43:17 майдан арабаларды жана аттарды, аскерлерди жана күчтү алып чыккан Теңир ушундай дейт. Алар көз ачып жумганча жыгылышты, турушкан жок, өчүштү, билик сыяктуу өчүп калышты.

    43:18 Бирок силер мурункуну үстебей жатасыңар, байыркылар жөнүндө ойлобой жатасыңар.

    43:19 «Мына, Мен жаңы нерсе жасап жатам. Ал азыр болот, чын эле, силер ушуну да билгиңер келбейби? Мен эүн талаага жол салам, чөлгө дарыя өткөрөм.

    43:20 Талаа жырткычтары Мени даңкташат, чөөлөр менен төө куштар Мени даңкташат, анткени өзүм тандап алган элимди сугарыш үчүн, Мен чөлдөрдө суу берем, какшыган талааларда дарыя берем.

    43:21 Бул элди Мен өзүм үчүн түздүм. Ал Менин даңкымды жарыя кылат.

    Ысрайылдын күнөөсү

    43:22 Сен болсо, Жакып, Мени чакырган жоксуң, сен Ысрайыл, Мен үчүн кызмат кылган жоксуң.

    43:23 Сен Мага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуларды чалган жоксуң, курмандыктарың менен Мени урматтаган жоксуң. Мен сени Мага нан тартуулап кызмат кыл деп мажбурлаган жокмун, жыпар жыттуу зат түтөтүп тур деп кыйнаган жокмун.

    43:24 Сен күмүш төлөп Мага жыпар жыттуу камыш сатып берген жоксуң, курмандыктардын майы менен Мени тойгузган жоксуң. Бирок сен Мени өзүңдүн күнөөлөрүң менен кыйнадың, өзүңдүн мыйзамсыз иштериң менен Мага оор жүк болдуң.

    43:25 Мен, Мен өзүм сенин кылмыштарыңды өзүм үчүн өчүрөм, сенин күнөөлөрүңдү үстебейм.

    43:26 Менин эсиме сал, соттошобуз, актаныш үчүн сен сүйлө.

    43:27 Сенин ата-бабаң күнөөгө баткан, сенин арачыларың да Менден четтеп кетишкен.

    43:28 Ошон үчүн Мен ыйык жайдын башчыларын ыйык кызматтан ажыраттым. Жакыпты жок кылам, Ысрайылды шылдыңга калтырам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск