Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 38

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    38-БөЛЄМ

    Хискиянын оорушу жана айыгышы

    38:1 Ошол күндөрү Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амостун уулу Ышайа пайгамбар келип: «Теңир мындай дейт: “өз тукумуңа мурас кагазын калтыр, анткени сен өлөсүң, айыкпайсың”», – деди.

    38:2 Хиския жүзүн дубалга буруп, Теңирге мындай деп сыйынды:

    38:3 «Оо Теңир! Сенин алдыңда туура жүргөнүмдү, Сага чын жүрөгүмдөн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды үстей көр». Анан Хиския катуу ыйлады.

    38:4 Ошондо Ышайага Теңирден мындай сөз айтылды:

    38:5 «Хискияга барып, мындай деп айт: Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм, Мен сенин өмүрүңө дагы он беш жыл кошом.

    38:6 Сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды коргойм”.

    38:7 Теңир өзү айткан сөздү аткарарын ырасташ үчүн берген жышаан бул:

    38:8 Ахаздын тепкичтери менен өтүп кеткен күндүн көлөкөсүн Мен он тепкич артка жылдырам». Ошондо күн өзү өтүп кеткен он тепкичке артка жылды.

    38:9 Жүйүт падышасы Хискиянын ооруп жаткандагы жана оорудан айыккандагы сыйынуусу:

    38:10 «”Жарым өмүрүм өткөндө өлгөндөр жаткан жайга баруум керек. Мен калган өмүрүмдөн ажырап калдым”, – дегем.

    38:11 Мен мындай деп айткан элем: “үми мен Теңирди көрбөйм, Теңирди тирүүлөрдүн жеринен көрбөйм, мындан ары дүйнө жүзүндө жашагандарды көрбөйм.

    38:12 Менин турак жайым турган жеринен чечилип, койчунун алачыгындай болуп учуп кеткени жатат, токуучу жип кескендей, мен өз өмүрүмдү кесүүгө тийишмин. Ал мени тамырымдан кесет. Сен мага жибере турган өлүмдү күн да, түн да күттүм.

    38:13 Мен таң атканга чейин күттүм. Ал арстанга окшоп, менин сөөктөрүмдү талкалады. Сен мага жибере турган өлүмдү күн да, түн да күттүм.

    38:14 Мен каркыра менен чабалекейдей болуп эн чыгарып жаттым, көгүчкөндөй куса болуп жаттым. Көздөрүм асманды муңая карап жатты: Теңир! Мен кыйналып турам, куткар мени!

    38:15 Мен эмне деп айта алам? Ал мага айтканын аткарды. Жанымдын кыйналганына карабастан, бүт өмүрүмдү тынч өткөрөм.

    38:16 Теңир! Ушинтип жашап жатышат, ушунун бардыгында менин рухумдун жашоосу бар. Сен мени айыктырасың, мага өмүр бересиң.

    38:17 Катуу кайгы мен үчүн жакшы болду. Сен менин жанымды өлүм орунан куткарып алдың, менин күнөөлөрүмдүн бардыгын өзүңдүн артыңа таштадың.

    38:18 Анткени Сени өлгөндөр жаткан жай даңктабайт, Сени өлүм мактабайт, Сенин чындыгыңа мүрзөгө түшкөндөр таянышпайт.

    38:19 Азыр мен даңктап жаткандай, Сени тирүү адам, тирүү адам гана даңктайт. Атасы балдарына Сенин чындыгыңды кабарлайт.

    38:20 Мени Теңир куткарат. Ошондо биз өмүрүбүз өткөнчө, күү аспаптардын коштоосунда Теңирдин үйүндө ырдайбыз”».

    38:21 Анан Ышайа: «Анжырдын кабыктарын алып келип, аларды жарага жабышсын. Ошондо ал айыгат», – деди.

    38:22 Хиския болсо: «Теңирдин үйүнө барарыма кандай жышаан болот?» – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск