Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Жүзүмзар жөнүндө

    5:1 өзүмдүн Сүйүктүүмө Сүйүктүүмдүн жүзүмзары жөнүндөгү ырын ырдап берейин. Менин Сүйүктүүмдүн жемиштүү дөңсөөнүн башында жүзүмзары бар эле.

    5:2 Ал аны тосмо менен курчады, аны таштарынан тазалады, ага тандалган жүзүм сабактарын отургузду, ортосуна мунара тургузду, анын ичине жүзүм сыгылуучу жай казды, анан жакшы жүзүм берет деп күттү, бирок ал жапайы мөмө берди.

    5:3 «үми, Иерусалимдин тургундары, Жүйүттүн эркектери, жүзүмзарым экөөбүзгө калыс болгула.

    5:4 Жүзүмзарым үчүн дагы эмне кылышым керек эле, мен ага эмнени кылбай койдум? Мен аны жакшы жүзүм берет деп күтсөм, эмне үчүн ал жапайы мөмө берди?

    5:5 үми Мен силерге жүзүмзарымды эмне кыларымды айтып коёюн: анын тосмосун алып салам, ошондо ал талкаланат; дубалдарын уратам, ошондо ал тебеленет.

    5:6 Аны кароосуз калтырам, анын бутактарын кыйышпайт, түбүн тегерете казып жумшартышпайт, аны тикенек жана отоо чөп басат, анын үстүнө жамгыр төкпөгүлө деп, булуттарга буйрук берем».

    5:7 Себайот Теңирдин жүзүмзары – Ысрайыл тукуму, Ысрайыл эркектери – Анын жакшы көргөн көчөттөрү. Ал адилеттикти күттү, бирок мына, кан төгүлүү; Ал акыйкаттыкты күттү, бирок мына, ый.

    Келе жаткан алты алаамат жөнүндө пайгамбарчылык

    5:8 Кайгы силерге, жерде өзүңөр эле жашап жаткансып, башкаларга жер калтырбай, эй үстүнө эй, талаа үстүнө талаа кошкондор!

    5:9 Себайот Теңир менин кулагыма мындай деп айтты: «Ушул көп сандаган үйлөр бош калат, чоң, кооз үйлөрдө үч ким жашабай калат.

    5:10 Жүзүмзардын он бөлүгү бир бат түшүм берет, себилген бир хомер дан араң эле бир эйфа дан берет».

    5:11 Таң заардан күчтүү ичимдик издеп, түн киргенче шарап ичип мас болуп отургандарга кайгы!

    5:12 Алар тойлорунда лира, арфа чертишет, дап кагышат, чоор тартышат, шарап ичишет, бирок Теңирдин иштерин карашпайт, Анын колдору кылган иштер жөнүндө ойлошпойт.

    5:13 Ошон үчүн Менин элим күтүлбөгөн жерден туткундалып кетет, төрөлөрү ачкачылыкка дуушар болушат, байлары чаңкашат.

    5:14 Ошон үчүн өлгөндөр жаткан жай кеңейип, оозун араандай ачты. Ал жакка алардын даңкы да, шаан-шөкөтү да, алар менен чогуу шапар тепкендер да түшөт.

    5:15 Ошондо адам башын жерге салат, эркек моюн сунат, текеберлердин көзү жер карайт.

    5:16 Теңир Себайот болсо сотто жогору көтөрүлөт, ыйык Кудай өзүнүн ыйыктыгын чындык менен көрсөтөт.

    5:17 Ошондо койлор өз эрки менен жайылат, байлардан калган оттуу жайыттарда башкалардын койлору оттошот.

    5:18 Мыйзамсыздыкты курулай убаракерчиликтин жиби менен сүйрөп жүргөндөргө, арабаны божу менен сүйрөгөндөй, күнөөнү сүйрөп жүргөндөргө кайгы!

    5:19 Алар мындай дешет: «Ал шашылсын, Ал өз ишин тездетсин, биз көрөлү, Ысрайылдын ыйык Кудайынын чечими жакындасын, ишке ашсын, ошондо биз билебиз».

    5:20 Жаманды жакшы деп, жакшыны жаман дегендерге, караңгыны жарык деп, жарыкты караңгы деп эсептегендерге, ачууну таттуу деп, таттууну ачуу деп эсептегендерге кайгы!

    5:21 өздөрүн акылман эсептегендерге, өзүнө өзү акылдуу көрүнгөндөргө кайгы!

    5:22 Шарапты коркпой ичкендерге, күчтүү ичимдикти кыйын даярдагандарга кайгы!

    5:23 Пара үчүн айыптууну актап, айыпсызга күч көрсөтүп жаткандарга кайгы!

    5:24 Мына ошон үчүн саманды от жалмагандай, чөптү жалын жок кылгандай, алардын тамыры күйүп жок болот, алардын гүлү топурактай сапырылат. Анткени алар Себайот Теңирдин мыйзамын четке кагышты, Ысрайылдын Ыйыгынын сөзүн жек көрүштү.

    5:25 Мына ошон үчүн Теңир өз элине каарданып, аларга колун сунуп жазалайт, ошондо тоо солкулдап, алардын өлүктөрү көчөлөрдөгү кыктай болот. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

    5:26 Ал алыстагы элдерге туу көтөрөт, жер кыйырында жашаган элге белги берет. Мына ошондо ал оңой эле, тез эле жетип келет.

    5:27 Анын арасында чарчаганы да, алсыраганы да болбойт, бир да адам уктабайт да эргүлөбөйт, анын белинен куру чечилбейт, бут кийиминин боосу эзүлбөйт.

    5:28 Жаалары курчутулган, жебелери тартылган, аттарынын туяктары таштай катуу, арабалары куюндай.

    5:29 Анын күрүлдөгөнү ургаачы арстандыкындай. Ал жаш арстандай айкырат, өкүрүп келип олжосун баса калып, алып кетет, үч ким андан олжону тартып албайт.

    5:30 Ошол күнү ал ага күркүрөгөн деңиздей айкырат, ошондо ал жерди карайт, мына ошондо ал жерди караңгылык, кайгы каптаганын, асманда жарык өчкөнүн көрөт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск