Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Ышайанын кызматка чакырылышы

    6:1 Узия падыша өлгөн жылы мен бийик жана улуу тактыда отурган Теңирди көрдүм, Анын чапанынын этеги ийбадаткананы толтуруп турду.

    6:2 Анын тегерегинде сераптар турган, ар биринин алтыдан канаты бар, ар бири эки канаты менен бетин жаап, эки канаты менен бутун жаап, эки канаты менен учат.

    6:3 Алар биринин артынан бири: «Себайот Теңир ыйык, ыйык, ыйык! Бүт жер жүзү Анын даңкына бөлөнүп турат!» – деп жатышты.

    6:4 Алардын катуу үнүнөн дарбазалардын кашектери титиреп, эй жыпар жыттуу заттын түтүнүнө толуп кетти.

    6:5 Ошондо мен: «Кайгы мага! өлдүм! Анткени мен оозу таза эмес адаммын, ошондой эле оозу таза эмес элдин арасында жашап жатам. Көздөрүм болсо Падыша Себайот Теңирди көрдү», – дедим.

    6:6 Ошондо мага сераптардын бири учуп келди, анын колунда курмандык чалынуучу жайдан кычкач менен алган күйүп турган чок бар эле.

    6:7 Ал чокту оозума тийгизип: «Бул чок оозуңа тийди, сенден мыйзамсыздык алынды, күнөөлөрүң тазаланды», – деди.

    6:8 Анан мен Теңирдин мындай деп айткан үнүн уктум: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» Ошондо мен: «Мына мен, мени жибер», – дедим.

    6:9 Ал мындай деди: «Бар, бул элге мындай деп айт: Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр, көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр.

    6:10 Анткени бул элдин жүрөгүн май басып калган, кулагын жаап, көзүн жумуп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, жүрөктөрү менен түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт».

    6:11 Ошондо мен: «Көпкө чейин ушундай болобу, Теңир?» – деп сурадым. Ал: «Шаарлар кыйрап, элсиз калганга чейин, үйлөрдө киши калбай калганга чейин, бул жер таптакыр эүн калганга чейин ушундай болот», – деп жооп берди.

    6:12 Теңир адамдарды кууп жиберет, ошондо бул жер эүн калат.

    6:13 үгерде ал жерде элдин ондон бир бөлүгү кала турган болсо, ал да бүлгүнгө учурайт, бирок мисте дарагы менен эмен дарагы кыйылганда, алардын тамыры калгандай, ыйык урук анын тамыры болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск