Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кириш сөз

    1:1 Бенжемин жериндеги Анатотто жашаган ыйык кызмат кылуучулардын бири Хилкиянын уулу Жеремиянын сөздөрү.

    1:2 Ага Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда, анын падышачылыгынын он үчүнчү жылында Теңирден сөз болду.

    1:3 Ага Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин тушунда, Жүйүт падышасы Жошия уулу Ситкиянын падышачылыгынын он биринчи жылынын акырына чейин, Иерусалимдегилер туткундалып кеткенге чейинки бешинчи айда Теңирден дагы сөз болду.

    Жеремиянын пайгамбарлыкка дайындалышы

    1:4 Ошондо Теңирден мага мындай сөз болду:

    1:5 «Мен сени энеңдин ичинде өзүм жаратканга чейин эле билчүмүн, сен төрөлгөнгө чейин эле, Мен сени ыйыктагам: сени элдерге пайгамбар кылып койгом».

    1:6 Бирок мен: «Оо Кудай-Теңир! Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын», – дедим.

    1:7 Бирок Теңир мага мындай деди: «“Жашмын”, – дебе, анткени Мен сени кимге жиберсем, ошолордун бардыгына барасың; Мен сага эмнени буйрусам, ошону айтасың.

    1:8 Алардан коркпо. Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин, – деди Теңир».

    1:9 Ошондо Теңир өз колун сунуп, менин оозума тийгизди, анан Теңир мага мындай деди: «Мына, Мен өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңа салдым.

    1:10 Байка, бүгүн Мен сени элдердин, падышачылыктардын үстүнө аларды жок кылуу жана талкалоо үчүн, кыруу жана кыйратуу үчүн, кайра тургузуу жана отургузуу үчүн койдум».

    Бадам жыгачынан жасалган таяк жана казан жөнүндө көрүнүш

    1:11 Теңирден мага мындай сөз болду: «Жеремия, сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Бадам жыгачынан жасалган таякты көрүп турам», – дедим.

    1:12 Теңир мага: «Сен туура көрүп турасың, анткени Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен өз сөзүмө көз салып турам», – деди.

    1:13 Дагы бир жолу Теңирден мага мындай сөз болду: «Сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Түндүк жакты караган, кайнап жаткан казанды көрүп турам», – дедим.

    1:14 Теңир мага мындай деди: «Бул жерде жашоочулардын бардыгына кайгы түндүк тараптан келет.

    1:15 Анткени мына, Мен түндүк падышачылыктарынын бардык урууларын чакырам, – дейт Теңир, – алар келип, ар бири Иерусалимдин дарбазасынын кире беришине, анын бүт дубалдарын тегерете, Жүйүттүн бардык шаарларына өз тактысын орнотот.

    1:16 Бүт мыйзамсыздыктары үчүн, Мени таштап кетишкени үчүн, бөтөн жерликтердин кудайларына жыпар жыттуу зат түтөтүшкөнү үчүн, өз колдору менен жасаган нерселерге табынышкандыгы үчүн, Мен аларга өз өкүмдөрүмдү жарыялайм.

    1:17 Сен болсо белиңди бек бууп, ордуңан тургун да, Мен сага эмнени буйрусам, аларга ошонун бардыгын айт. Алардын алдында коркпо, болбосо Мен сени алардын көз алдында өлтүрүп салам.

    1:18 Мына, азыр Мен сени бүт өлкөгө каршы, Жүйүт падышаларына каршы, анын төрөлөрүнө каршы, анын ыйык кызмат кылуучуларына каршы, ушул жердин элине каршы чептүү шаар, темир мамы жана жез дубал кылып койдум.

    1:19 Алар сага каршы күрөшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск