Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Жеремиянын Теңирдин эркин сурашы

    12:1 Теңир, эгерде мен Сени менен соттошо турган болсом, Сен адилет болуп чыгасың. Ошондой болсо да мен Сени менен адилеттүүлүк тууралуу сүйлөшөм: эмне үчүн мыйзамсыздардын жолу ийгиликтүү? эмне үчүн ишенимсиз адамдардын баары жыргап жашашат?

    12:2 Аларды Сен отургуздуң, алар тамыр жайып, өсүп, мөмө берип жатышат. Сен алардын оозуна жакынсың, бирок алардын жүрөгүнөн алыссың.

    12:3 Мени болсо, Теңир, Сен билесиң, мени көрүп турасың, жүрөгүм Сага карата кандай экенин сынап турасың. Аларды койдой союуга бөлүп, өлө турган күнүнө даярда.

    12:4 Жер качанкыга чейин кайгыра берет? Талаадагы чөптөр качанкыга чейин куурай берет? Анын тургундарынын мыйзамсыздыгынан жаныбарлар менен канаттуулар кырылып жатат, анткени алар: «Ал биздин эмне болорубузду көрбөйт», – дешет.

    12:5 «Сен жөө жүргөндөр менен чуркаганда, алар сени чарчаткан болсо, анан кантип сен аттар менен жарышка чыгасың? эгерде сен тынч өлкөдө коопсуз жашаган болсоң, анда Иордан дарыясы ташыганда эмне кыласың?

    12:6 Анткени сенин бир туугандарың да, атаңдын үйү да, алар да сага ишенимсиздик кылып жатышат, алар сенин артыңдан катуу кыйкырып жатышат. Сага жакшы сүйлөшсө да, аларга ишенбегин.

    Теңирдин өз эли үчүн кайгырышы

    12:7 Мен өз үйүмдү таштадым, өз энчимди таштадым. Менин жанымдын эң жакшы көргөнүн душмандарынын колуна бердим.

    12:8 өз энчим Мен үчүн токойдогу арстандай болуп калды. Ал Мага үнүн көтөрдү, ошон үчүн Мен аны жек көрүп калдым.

    12:9 өз энчим Мен үчүн башка жырткыч куштар ар тараптан кол салган кооз куштай болуп калды. Келгиле, бүт талаа жырткычтары, чогулгула, аны жеш үчүн келгиле.

    12:10 Көп койчулар Менин жүзүмдүгүмдү бузуп салышты, буттары менен Менин жеримди тебелеп салышты. Менин жакшы көргөн жеримди эүн талаага айландырышты,

    12:11 аны чөлгө айландырышты. Ал эүн калып, Менин алдымда ыйлап жатат. Бардык жер эүн калды, анткени бир да адам муну жүрөгүнө кабыл алган жок».

    12:12 Чөлдөгү тоолордун бардыгына кыйратуучулар келишти, анткени Теңирдин кылычы жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин кыйратып жатат: үч бир тирүү жанга тынчтык жок.

    12:13 Алар буудай айдашты, бирок тикенек оруп алышты; кыйналышты, бирок үч кандай пайда табышкан жок. өзүңөрдүн ишиңердин жемишинен, Теңирдин жалындаган каарынан уялгыла.

    Теңирдин Ысрайылдын кошуналарына убада бериши

    12:14 Теңир мындай дейт: «өз элим Ысрайылга мураска берген энчиге кол салган бардык каардуу кошуналарымды Мен өз жеринен бүркүп чыгарам, Жүйүттү да алардын арасынан бүркүп чыгарам.

    12:15 Бирок Мен аларды бүркүп чыгаргандан кийин, аларга кайрадан ырайым кылып, ар бирин өз энчисине, ар бирин өз өлкөсүнө кайра алып келем.

    12:16 үгерде алар Менин элиме Баалдын ысымы менен убада бергенди эйрөткөндөй, Менин ысымым менен “Теңир тирүү!” деп убада бериш үчүн, Менин элимдин жолдорун эйрөнүшсө, анда Менин элимдин арасына киришет.

    12:17 үгерде тил алышпаса, анда Мен ал элди түп-тамыры менен жок кылам, таптакыр тукум курут кылам», – дейт Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск