Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Бузулган келишим жөнүндө сөз

    11:1 Жеремияга Теңирден болгон сөз:

    11:2 «Мына бул келишимдин сөздөрүнө кулак салгыла, Жүйүттүн эркектерине жана Иерусалимдин тургундарына айткыла.

    11:3 Аларга мындай деп айт: Теңир, Ысрайылдын Кудайы, мындай дейт: “Бул келишимдин сөздөрүн укпай койгон адамга каргыш тийсин.

    11:4 Ал келишимди Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен, темир мештен алып чыкканда, аларга: "Менин үнүмдү уккула жана Мен силерге эмнени буйрусам, ошонун баарын аткаргыла, ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом", – деп бергем.

    11:5 Бул азыр ишке ашып отургандай, бал менен сүт аккан жерди берем деп, силердин ата-бабаларыңарга берген өзүмдүн антымды аткарыш үчүн, мен ушундай кылдым”». Ошондо мен жооп кылып: «Оомийин, Теңир!» – дедим.

    11:6 Анан Теңир мага мындай деди: «Бул сөздөрдүн баарын Жүйүттүн шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө жарыя кылып айт: “Бул келишимдин сөздөрүнө кулак салгыла жана аларды аткаргыла.

    11:7 Анткени Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин, дайыма эскертип келгем. Аларга таң заардан: "Менин үнүмдү уккула!" – деп эскертип келгем.

    11:8 Бирок алар угушкан жок, кулак салышкан жок, тескерисинче, ар кимиси өзүнүн жаман жүрөгүнүн өжөрлүгү менен жүрдү. Ошондуктан Мен ушул келишимде айтылгандардын баарын алардын башына түшүрдүм. Мен буларды аткаргыла деп буйругам, бирок алар аткарышкан жок”».

    11:9 Теңир мага мындай деди: «Жүйүттүн эркектери менен Иерусалимдин тургундары уюшуп чыккынчылык кылганы жатышат.

    11:10 Алар кайрадан Менин сөздөрүмдү угуудан баш тарткан ата-бабаларынын мыйзамсыздыктарына бурулуп кетишти, башка кудайларга кызмат кылып, ошолордун артынан кетишти. Ысрайыл менен Жүйүт Менин алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушту».

    11:11 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен аларга кайгы каптатам, алар андан кутула алышпайт. Алар Мени чакырганда, аларды укпайм.

    11:12 Ошондо Жүйүттүн шаарлары менен Иерусалимдин тургундары барып, өздөрү жыпар жыттуу зат түтөткөн жасалма кудайларын чакырышат. Бирок ал жасалма кудайлар алардын башына кайгы түшкөндө, үч кандай жардам беришпейт.

    11:13 Анткени, Жүйүт, сенин канча шаарың болсо, ошончо жасалма кудайың бар, Иерусалимде канча көчө болсо, өзүңөрдү уятка калтыра турган ошончо курмандык чалынуучу жайды – Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүш үчүн курмандык чалынуучу жайды орнотуп алдыңар.

    11:14 Сен болсо бул эл үчүн суранба, алар үчүн сыйынба, жалынба, анткени алардын башына кырсык түшүп, Мени чакырганда, Мен аларды укпайм.

    11:15 Менин үйүмдө көп жаман иштер болуп жатканда, Менин сүйүктүүмө ал жерде эмне керек? Ыйык эттер да сага жардам бербейт, анткени сен жамандык кылып кубанып жатасың.

    11:16 Теңир сени көгөрүп турган, жакшы жемиштери менен мактанып турган зайтун дарагы деп атады эле. Азыр болсо катуу дүрбөлөңдүн ызы-чуусунда Теңир анын тегерегине от жалындатты, анын бутактары кыйрады.

    11:17 Сени отургузган Себайот Теңир Ысрайыл менен Жүйүттүн кыянаттыгы үчүн сенин башыңа мүшкүл түшөрүн айтты. Буга өздөрү себепкер болду, алар Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүп Мени каардантышты».

    Жеремияны өлтүрүү үчүн уюшуу

    11:18 Теңир мага ачып берди, мен билем. Сен мага алардын иштерин көрсөттүң.

    11:19 Мен болсо союуга жетеленип бара жаткан момун козудаймын, алардын мага каршы ойлоп жаткан жаман ойлорун билген эмесмин. Алар: «Анын ысымы да мындан ары эскерилбеши үчүн, анын тамагына уулуу жыгач кошуп, аны тирүүлөр жашаган жерден жок кылабыз», – дешкен.

    11:20 Бирок, Теңир Себайот, адамдын жүрөгү менен ичин сынаган адилеттүү Сот! өзүңдүн алардан өч алганыңды мага көрсөт, анткени мен өз ишимди Сага ишенип тапшырдым.

    11:21 «Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылба, болбосо биздин колубуздан өлөсүң», – деп, сени өлтүргүсү келген Анатоттун эркектери жөнүндө Теңир мындай дейт:

    11:22 Ошондуктан Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен аларды жазалаймын: алардын жигиттери кылычтан кырылат, алардын уулдары менен кыздары ачкадан өлүшөт.

    11:23 Алардан калдык да калбайт, анткени аларды жазалай турган жыл келгенде, Мен Анатоттун эркектеринин башына мүшкүл түшүрөм».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск