Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Буркандарга табынуу жана Кудайга чын жүрөктөн табынуу жөнүндө

    10:1 Ысрайыл, Теңирдин силерге айткан сөзүнө кулак салгыла.

    10:2 Теңир мындай дейт: «Бутпарастардын жолдорун эйрөнбөгүлө, бутпарастар корккон асман белгилеринен коркпогула.

    10:3 Анткени элдердин мыйзамдары – курулай убаракерчилик: токойдон дарак кыйып алып, усталары балта менен иштеп чыгып,

    10:4 алтын-күмүш менен каптап, кыймылдабашы үчүн, балка менен мык кагып бекемдешет.

    10:5 Алар жонулган мамыдай, сүйлөшпөйт. Аларды көтөрүп жүрүшөт, анткени алар баса алышпайт. Алардан коркпогула, анткени алар жамандык кыла алышпайт, ошондой эле жакшылык да кыла алышпайт».

    10:6 Сага теңдеш үч ким жок, Теңир! Сен улуусуң, Сенин ысымың кудуреттүүлүгү менен улуу.

    10:7 Сенден ким коркпосун, элдердин Падышасы? Анткени бул бир гана Сага таандык! Анткени бардык элдердин акылмандарынын арасында жана алардын бардык падышачылыктарында Сага теңдеш үч ким жок!

    10:8 Алардын бири калбай түшүнүгү жок жана акылсыз. Алардын окуусунун маанисиздигин бул жыгач күбөлөндүрүп турат.

    10:9 Жалпайтылган күмүштөрү Таршыштан, алтындары Упаздан ташылып келинген, булар уста менен эритүүчүнүн колунан чыккан. Алардын үстүндөгү кийими жакуттан жана ачык кызыл кездемеден. Мунун баары – чеберлердин иши.

    10:10 Ал эми Кудай-Теңир – чындык, Ал – тирүү Кудай жана түбөлүк Падыша. Анын каарынан жер титирейт. Анын каарына элдер чыдай алышпайт.

    10:11 Аларга: «Асман менен жерди жаратпаган кудайлар жер үстүнөн жана асман астынан жок болушат», – дегиле.

    Кудайды даңктоо ыры

    10:12 Ал жерди өз кудурети менен жаратты, ааламды өз даанышмандыгы менен орнотту, асманды өз акылы менен жайып койду.

    10:13 Анын үнүнөн асмандагы суулар күркүрөйт, Ал жер кыйырынан булуттарды көтөрөт. Жамгыр үчүн чагылган жаратат, өзүнүн сактагычтарынан шамал чыгарат.

    10:14 Ар бир адам өз билими менен акылсыздык кылып жатат, ар бир эритүүчү өз бурканы менен өзүн маскара кылып жатат, анткени алардын эритип чыгарган буюму – жалган нерсе, анда рух жок.

    10:15 Бул – курулай убаракерчилик, адашуунун иши. Жазалай турган мезгил келгенде, алар жок болушат.

    10:16 Жакыптын элүшү алар сыяктуу эмес, анткени анын Кудайы – бардыгынын Жаратуучусу, Ысрайыл – Анын мурасынын таягы, Анын ысымы – Себайот Теңир.

    Туткундалып кетүү жөнүндө

    10:17 Курчоодо отурган Сион кызы, өз буюмдарыңды жер үстүнөн чогултуп ал.

    10:18 Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, бул жердин тургундарын Мен бул жолу ыргытып жиберем, туткундап кетиши үчүн, аларды тар жерге айдап киргизем».

    10:19 Мага кайгы! Жараатым мени кыйнап жатат, бирок мен мындай деп ойлодум: «Чынында, бул менин кайгым, мен аны көтөрөм.

    10:20 Менин чатырым эүн калды, менин бүт жиптерим эзүлдү. Балдарым менден кетип калышты, алар жок: менин чатырымды кайра тургуза турган, жабууларымды иле турган үч ким жок.

    10:21 Анткени койчулар акылсыз болуп калышты, Теңирди издешкен жок, ошондуктан алар акылсыз иш кылышты, алардын койлорунун баары туш-тушка тарап кетти».

    10:22 Уккула! Мына, кабар угулуп жатат, Жүйүт аймагынын шаарларын эрме чөлгө, чөөлөр жашай турган жерге айлантыш үчүн, түндүк тараптагы өлкөдөн чоң ызы-чуу келе жатат.

    10:23 Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем.

    10:24 Теңир, мени жазала, бирок акыйкаттык менен жазала, мени таптакыр жок кылып койбош үчүн, каарданып турганыңда жазалаба.

    10:25 өз каарыңды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыңды чакырбаган урууларга төк. Анткени алар Жакыпты жеп коюшту, аны жеп коюшту, жок кылышты, анын турак-жайын эүн калтырышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск