Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 37

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    37-БөЛЄМ

    Жеремиянын Ситкия падышага берген жообу

    37:1 Жайаким уулу Жайахиндин ордуна Жошия уулу Ситкия падышачылык кылып турган, аны Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт жерине падыша кылып койгон.

    37:2 Теңирдин Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөзүн ал да, анын кызматчылары да, өлкөнүн эли да уккан эмес.

    37:3 Ситкия падыша Шелемиянын уулу Жейухалды, ыйык кызмат кылуучу Маасей уулу Сепанияны Жеремия пайгамбарга: «Биз үчүн Кудай-Теңирибизге сыйын», – деп айттырыш үчүн жиберди.

    37:4 Жеремия ошол учурда элдин арасына эркин кирип, эркин чыгып жүргөн, анткени аны зынданга камаша элек болчу.

    37:5 Ошол арада фараондун аскерлери Мисирден чыгышты, Иерусалимди курчап турган каздимдер ал жөнүндө кабар угушуп, Иерусалимден артка чегинип кетишти.

    37:6 Ошондо Жеремия пайгамбарга Теңирден сөз болду:

    37:7 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Менин эркимди сураш үчүн жиберген Жүйүт падышасына мындай деп айткыла: “Силерге жардамга келе жаткан фараондун аскерлери өз жерине, Мисирге, кайтышат.

    37:8 Каздимдер болсо кайрадан келип, бул шаарга согуш ачып, аны каратып алып, өрттөп жиберишет”».

    37:9 Теңир мындай дейт: «“Каздимдер бизден сөзсүз артка кетет”, – деп, өзүңөрдү өзүңөр алдабагыла, анткени алар артка кетишпейт.

    37:10 өзүңөр менен согушуп жаткан каздимдердин бүт аскерлерин талкалап салсаңар да, алардын жарадарлары эле өз чатырларынан туруп келип, шаарды өрттөп жиберишмек».

    Жеремиянын камалышы

    37:11 Каздимдердин аскерлери Иерусалимден фараондун аскерлеринен улам артка чегинген учурда,

    37:12 Жеремия Бенжемин жерине барып, элдин арасынан өзүнүн элүшүн алыш үчүн, Иерусалимден чыкты.

    37:13 Бирок ал Бенжемин дарбазасына келгенде, ал жерде турган сакчылардын башчысы Хананиянын уулу, Шелемиянын уулу Ирия деген киши Жеремия пайгамбарды кармап алып: «Сен каздимдерге өтүп кеткиң келип жатабы?» – деди.

    37:14 Жеремия ага: «Бул – жалган, мен каздимдерге өтүп кетким келбейт», – деп жооп берди. Бирок Ирия аны укпай койду. Ошентип, Ирия Жеремияны кармап алып, төрөлөргө алып келди.

    37:15 Төрөлөр Жеремияга ачууланышып, аны уруп, Жонатан катчынын үйүндөгү зынданга камап салышты, анткени анын үйүн зындан кылып алышкан эле.

    37:16 Жеремия зынданда, жер төлөдө отурганда, ал жерде отурганына көп күн болгондо,

    37:17 Ситкия падыша киши жиберип, аны алдырды. Падыша өз үйүндө андан жашыруун сурады: «Теңирден сөз барбы?» Жеремия: «Бар», – деди. Анан ал: «Сен Бабыл падышасынын колуна салынып берилесиң», – деди.

    37:18 Анан Жеремия Ситкия падышага мындай деди: «Силер мени зынданда отургузгудай, сенин алдыңда, сенин кызматчыларыңдын алдында жана бул элдин алдында эмне күнөө кылдым?

    37:19 “Бабыл падышасы силерге каршы жана бул жерге каршы барбайт”, – деп пайгамбарчылык кылган пайгамбарларыңар кайда?

    37:20 үми мырзам падыша, мени ук, менин өтүнүчүмдү кабыл ал, мени кайра Жонатан катчынын үйүнө жөнөтпө, болбосо мен ал жерде өлүп калам».

    37:21 Ошондо Ситкия падыша «Жеремия күзөтчүлөрдүн короосуна камалсын, шаардагы бүт нан түгөнүп бүткөнчө, ага наабайчылардын көчөсүнөн күнүнө бир кесим нан берилсин» деген буйрук берди. Ошентип, Жеремия күзөтчүлөрдүн короосунда калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск