Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 38

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    38-БөЛЄМ

    Жеремия ордо

    38:1 Матан уулу Шепатия, Пашкур уулу Гедалия, Шелемиянын уулу Жухал жана Малкия уулу Пашкур Жеремиянын бүт элге айткан мындай сөздөрүн угушту:

    38:2 «Теңир мындай дейт: “Бул шаарда калган адам кылычтан, ачкадан жана жугуштуу оорудан өлөт. Ал эми каздимдерге чыккан адам аман калат, анын жаны өзүнө олжо ордуна болот, ал тирүү калат”.

    38:3 Теңир мындай дейт: “Бул шаар Бабыл падышасынын аскерлеринин колуна сөзсүз салынып берилет, ал аны каратып алат”».

    38:4 Ошондо төрөлөр падышага мындай дешти: «Бул киши өлүм жазасына тартылсын, анткени ал бул шаарда калып жаткан жоокерлердин колун алсыратып жатат, ошондой эле бүт элдин колун да ушундай сөздөрдү айтып алсыратып жатат, анткени бул киши элге жакшылык каалабайт, тескерисинче, алаамат каалайт».

    38:5 Ошондо Ситкия падыша: «Ал силердин колуңарда, анткени падыша силерге каршы үч нерсе кыла албайт», – деди.

    38:6 Ошондо алар Жеремияны кармап алып, күзөтчүлөрдүн короосунда турган падышанын уулу Малкиянын оруна ташташты. Алар Жеремияны аркан менен түшүрүштү. Ал ордо суу жок эле, баткак гана бар болчу, Жеремия ошол баткакка батты.

    38:7 Падышанын үйүндөгү эбнухтардын бири – эфиопиялык эбет-Мелек Жеремияны орго салышканын укту. Падыша болсо ошол учурда Бенжемин дарбазасынын жанында отурган.

    38:8 Ошондо эбет-Мелек падышанын үйүнөн чыгып келип, падышага мындай деди:

    38:9 «Мырзам падыша! Бул адамдар Жеремия пайгамбарды орго салып, жаман иш кылышты. Ал ошол жерде ачкадан өлөт, анткени шаарда эми нан жок».

    38:10 Падыша эфиопиялык эбет-Мелекке мындай деп буйрук берди: «Бул жерден өзүң менен кошо отуз киши алып, Жеремия пайгамбарды өлүп кала элегинде ордон алып чык».

    38:11 үбет-Мелек өзү менен кошо адамдарды алып, падышанын үйүндөгү казынанын астындагы жайга кирди, ал жерден эски, жараксыз чүпүрөктөрдү жана эски, жараксыз кесиндилерди алып, аларды арканга байлап, Жеремия жаткан орго түшүрдү.

    38:12 Анан эфиопиялык эбет-Мелек Жеремияга: «Мына бул эски, жараксыз чүпүрөктөрдү, кесиндилерди колтугуңдун астына, аркандын астына кой», – деди. Жеремия ошондой кылды.

    38:13 Жеремияны аркан менен ордон тартып чыгарышты. Ошентип, Жеремия күзөтчүлөрдүн короосунда калды.

    Ситкиянын Жеремиядан кеңеш сурашы

    38:14 Ошондо Ситкия падыша киши жиберип, Жеремия пайгамбарды өзүнө, Теңир үйүнүн үчүнчү эшигине чакыртып алды. Анан падыша Жеремияга: «Мен сенден бир нерсе сурайын. Менден үч нерсе жашырбагын», – деди.

    38:15 Жеремия Ситкияга мындай деди: «үгерде мен сага айтсам, сен мени өлтүрүп коёсуң. эгерде мен сага кеңеш берсем, сен мени укпайсың».

    38:16 Ошондо Ситкия падыша Жеремияга мындай деп жашыруун ант берди: «Бизге ушул жанды жараткан Теңир тирүү, сени өлүм жазасына тартпайм жана сени өлтүргүсү келген адамдардын колуна бербейм».

    38:17 Ошондо Жеремия Ситкияга мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “үгерде сен Бабыл падышасынын төрөлөрүнө чыксаң, анда сенин жаның аман калат, бул шаар да өрттөлбөйт, өзүң да, эй-бүлөң да тирүү каласыңар.

    38:18 үгерде Бабыл падышасынын төрөлөрүнө чыкпасаң, анда бул шаар каздимдердин колуна салынып берилет, алар аны өрттөп жиберишет, сен да алардын колунан качып кутулбайсың”».

    38:19 Ошондо Ситкия падыша Жеремияга: «Мен каздимдерге өтүп кеткен жүйүттөрдөн корком, каздимдер мени алардын колуна салып беришпесин, алар мени шылдың кылышпасын», – деди.

    38:20 Жеремия ага: «Салып беришпейт. Теңирдин үнүнө кулак салып, мен айтканды кыл, ошондо сага жакшы болот, ошондо сенин жаның тирүү болот.

    38:21 үгерде сен чыккың келбесе, анда Теңирдин мага айткан сөзү бул:

    38:22 “Мына, Жүйүт падышасынын үйүндө калган бардык аялдарды Бабыл падышасынын төрөлөрүнө алып кетишет, алар минтип айтышат: "Досторуң сени азгырып, жеңип кетишти. Сенин бутуң баткакка батып калды, алар сени таштап кетишти".

    38:23 Сенин бүт аялдарыңды, балдарыңды каздимдердин жерине алып кетишет, сен өзүң да алардын колунан качып кутулбайсың. Сен Бабыл падышасынын колу аркылуу туткунга алынасың, сен үчүн бул шаар өрттөлөт”», – деди.

    38:24 Ошондо Ситкия Жеремияга мындай деди: «Бул сөздөрдү үч ким билбесин, ошондо сен өлбөйсүң.

    38:25 үгерде сени менен сүйлөшкөнүмдү төрөлөр угуп, сага келип: “Падышага айтканыңды бизге айт, бизден жашырба, ошондо биз сени өлүм жазасына тартпайбыз, ошондой эле падышанын сага айткан сөзүн бизге айт”, – дешсе,

    38:26 анда сен аларга: “Мен падышага мени Жонатандын үйүнө жөнөтпө, ал жерде өлүп калбайын деп жалындым”, – деп айт».

    38:27 Бардык төрөлөр Жеремияга келип, андан сурашты. Жеремия аларга падыша айт деп буйруган сөздөрдүн баарын айтты. Ошондо алар Жеремия менен сүйлөшкөнүн токтотушту, анткени алар падышага айтылган сөздөрдү билишкен жок.

    38:28 Ошентип, Жеремия Иерусалим каратып алынган күнгө чейин күзөтчүлөрдүн короосунда болду. Анан Иерусалим алынды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск