Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 39

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    39-БөЛЄМ

    Иерусалимдин туткундалып кетиши

    39:1 Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын тогузунчу жылынын онунчу айында Бабыл падышасы Небухаданасар өзүнүн бүт аскери менен Иерусалимге келип, аны курчап алды.

    39:2 Ал эми Ситкиянын падышачылыгынын он биринчи жылынын төртүнчү айында, айдын тогузунчу күнү шаар каратылып алынды.

    39:3 Ошондо Бабыл падышасынын бардык төрөлөрү шаарга кирип, ортоңку дарбазанын алдына жайланышышты. Алар: Нейиргал-Саретсер, Самгар-Небо, эбнухтардын башчысы Сарсехим, сыйкырчылардын башчысы Нейиргал-Саретсер жана башка Бабыл падышасынын бардык төрөлөрү.

    39:4 Жүйүт падышасы Ситкия жана бардык аскер адамдары аларды көргөндө качып жөнөштү. Алар түн ичинде падышанын багын аралап, эки дубалдын ортосундагы дарбаза менен шаардан чыгып, түздүккө кеткен жол менен жөнөштү.

    39:5 Бирок каздимдердин аскерлери алардын артынан кууп жөнөштү, Ситкияны Жерихо түздүгүндө кууп жетишти. Аны колго түшүрүп, Бабыл падышасы Небухаданасарга, Хамат жериндеги Риблага алып келишти. Падыша аларга ошол жерде өкүм чыгарды.

    39:6 Бабыл падышасы Ситкиянын уулдарын Риблада Ситкиянын көз алдында сайып өлтүрдү. Ал Жүйүттүн бүт төрөлөрүн да сайып өлтүрдү.

    39:7 Ал эми Ситкиянын эки көзүн оюп, аны Бабылга алып кетиш үчүн, кишен салып койду.

    39:8 Падышанын үйүн жана элдин үйлөрүн каздимдер өрттөп жиберишти, Иерусалимдин дубалдарын кыйратышты.

    39:9 Ал эми шаарда калган элдин калдыгын, ага өтүп кеткендерди жана калган башка элди сакчылардын башчысы Небузарадан Бабылга туткундап кетти.

    39:10 үл арасындагы үч нерсеси жок жардыларды болсо сакчылардын башчысы Небузарадан Жүйүт жеринде калтырды, аларга ошол эле күнү жүзүмдүктөр менен айдоо жерлерди берди.

    39:11 Ал эми Жеремия тууралуу Бабыл падышасы Небухаданасар сакчылардын башчысы Небузараданга мындай буйрук берди:

    39:12 «Аны колуңа алып, ага көз салып жүр, ага үч кандай жамандык кылба, ал сага кандай айтса, сен ага ошондой кыл».

    39:13 Ошондо сакчылардын башчысы Небузарадан, эбнухтардын башчысы Небушазбан, сыйкырчылардын башчысы Нейиргал-Саретсер жана Бабыл падышасынын бардык төрөлөрү киши жиберип,

    39:14 Жеремияны күзөтчүлөрдүн короосунан чыгарып алышты. Анан аны Сапан уулу, Акикам уулу Гедалиянын колуна тапшырып, үйүнө жеткирүүнү буйрушту. Ошентип, ал эл арасында жашап калды.

    Жеремиянын бошотулушу

    39:15 Жеремия сакчылардын короосундагы зынданда жатканда, Теңирден ага сөз болгон:

    39:16 «Бар, эфиопиялык эбет-Мелекке мындай деп айт: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Мына, Мен бул шаар тууралуу жакшылыкка эмес, жамандыкка айткан өзүмдүн сөзүмдү аткарам, алар ошол күнү сенин көз алдыңда жүзөгө ашырылат.

    39:17 Бирок Мен сени ошол күнү куткарам, – дейт Теңир, – сен өзүң корккон адамдардын колуна салынып берилбейсиң.

    39:18 Мен сени куткарам, сен кылычтан өлбөйсүң, сенин жаның олжо ордуна өзүңдө калат, анткени сен Мага таяндың”, – дейт Теңир».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск