Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    13:1 «Мына ушунун баарын көзүм көрдү, кулагым укту, өзүм үчүн көңүлүмө түйүп койдум.

    13:2 Силер билгенди мен да билем, силерден кем эмесмин.

    13:3 Бирок мен кудуреттүү Кудай менен сүйлөшкүм келет, Аны менен талашып-тартышкым келет.

    13:4 Силер болсо жалганчысыңар. Бардыгыңар үч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер.

    13:5 Унчукпай калсаңар кана! Силердин акылмандуулугуңар ошол болмок.

    13:6 Менин сөзүмө кулак салгыла, силерге каршы айта турган кебиме көңүл бургула.

    13:7 Кудай үчүн калп айтыштын кереги бар беле, Ал үчүн жалган сүйлөштүн зарылдыгы бар беле?

    13:8 Кудайга бет карамалык кылыштын кереги бар беле? Аны ушинтип жактоонун кереги бар беле?

    13:9 Ал силерди сынаса жакшы болот беле? Аны да адамды алдагандай алдай аласыңарбы?

    13:10 Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар да, Ал силерди катуу жазалайт.

    13:11 Анын улуулугу силерди коркутпайбы, Анын коркунучу силерди каптабайбы?

    13:12 Силердин эскертүэңөр күлгө окшош. Силердин таяныч-чебиңер – ылай коргондор.

    13:13 Менин алдымда унчукпай тургула, башыма кандай күн түшсө түшсүн, мен сүйлөйүн.

    13:14 үмне үчүн мен өз денемди өз тишим менен тиштегилешим керек, эмне үчүн өз жанымды өз колум менен кыйышым керек?

    13:15 Мына, Ал мени өлтүрүп жатат, бирок мен Андан эмүт кылам. Анын алдында өз жолумду коргосом эле болду!

    13:16 Ушунун өзү эле менин акталуум эмеспи, анткени эки жүздүү адам Анын алдына келбейт.

    13:17 Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, менин түшүндүргөнүмө кулак салгыла.

    13:18 Мен өз ишимди сотко өткөрүүгө даярмын, анткени меники туура экенин билем.

    13:19 Менин айтканыма каршы чыга ала турган адам барбы? эгерде бар болсо, мен унчукпай, өлүп калмакмын.

    13:20 “Мага эки нерсени гана кылба, ошондо мен Сенин жүзүңдөн жашынбайм.

    13:21 Менден колуңду тарт, Сенин коркунучуң мени калтыратпасын.

    13:22 Ошондо мени чакыр, мен Сага жооп берейин. Же мен сүйлөйүн, Сен мага жооп бер.

    13:23 Менин канча кемчилигим, канча күнөөм бар? Айыбым менен күнөөмдү көрсөт!

    13:24 үмне себептен менден жүзүңдү жашырасың, эмне себептен мени өзүңө душман санайсың?

    13:25 Сен эзүлгөн жалбыракты кыйратып жаткан жоксуңбу? Куураган бир тал самандын артынан сая түшкөн жоксуңбу?

    13:26 Анткени мага каршы ачуу айыптоолорду жазып жатасың, жаш кездеги күнөөлөрүмдү мойнума коюп жатасың,

    13:27 буттарымды көзөнөк жыгач калканга салып жатасың, менин баскан изимди аңдып турасың, артымдан сая түшөсүң.

    13:28 Мен болсо чириген нерседей жок болуп баратам, күбө жеген кийимдей болуп калдым.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск