Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    14:1 Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон.

    14:2 Ал гүл сыяктуу чыгат да, соолуп, күбүлүп калат. Көлөкөдөй качат, токтобойт.

    14:3 Сен ушундай адамга да көзүңдү кадайсыңбы, мени өзүң менен соттошууга алып барасыңбы?

    14:4 Таза эместен ким таза болуп төрөлсүн? үч ким.

    14:5 үгерде анын өмүрүн ченеп койсоң, ай-күндөрү Сенин колуңда турса, эгерде Сен анын өтө албаган чегин чектеп койсоң,

    14:6 анда андан жүзүңдү бур. Ал жалчынын күндөрүндөй болгон күндөрү бүткүчө, эс алып алсын.

    14:7 Даракта эмүт бар, ал кыйылса да, кайра өсөт, чырпыктары токтоосуз чыга берет.

    14:8 үгерде анын жердеги тамыры картайып, дүмүрүн топурак басып катып калса да,

    14:9 сууну сезери менен, жаш чырпык чыгарып, жаңы отургузулган көчөттөй болуп, бутактарын жаят.

    14:10 Адам болсо өлөт, анан чирийт. Адам өлдү, эми ал кайда?

    14:11 Көлдөн суулар агып кетет, дарыя соолуп, какшыйт,

    14:12 адам да жатса турбайт. Асман жок болмоюнча, ал ойгонбойт, уйкусунан турбайт.

    14:13 Оо, каарың тарап кеткенче, Сен мени өлгөндөр жаткан жайга бекитип, жашырып турсаң кана! Анан мага мөөнөт берип, ошондон кийин гана мени үстесең кана!

    14:14 Адам өлгөн соң, кайра жашамак беле? Анда мага берилген мөөнөт бүткөнчө, менин ордума келе турганды күтөр элем.

    14:15 Сен чакырсаң, мен Сага жооп берер элем. Ошондо Сен өз колуң менен жаратканыңа ырайым кылар элең.

    14:16 Ошондо Сен менин кадамымды эсептер элең, күнөө кылып жатканымда карап турбас элең.

    14:17 Сен менин мыйзамсыздыгымды түрмөк кагазга жазып мөөр басып салар элең, менин айыбымды жаап салар элең.

    14:18 Бирок тоо кулап талкаланат, аска-зоо ордунан козголот.

    14:19 Суу таштарды жеп кетет, анын ташкыны жер топурагын жууп кетет. Сен адамдын эмүтүн да так ошондой жок кыласың.

    14:20 Аны акырына чейин кысымга аласың, ал кетет. Жүзүн өзгөртүп, аны кетиресиң.

    14:21 Балдары ардакталып жатабы, ал аны билбейт; кор болуп жатабы, ал аны сезбейт.

    14:22 Бирок анын денеси сыздап, жаны кыйналып жатат”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск