Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Билдаттын экинчи сөзү

    18:1 Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:

    18:2 «Ушундай сөзүңөрдү качан токтотосуңар? Жакшылап ойлонгула, анан сүйлөйбүз.

    18:3 үмне үчүн биз айбан катары эсептелишибиз керек? эмне үчүн биз сенин алдыңда кемсинтилишибиз керек?

    18:4 Оо, сен, ачууланып, өзүн азапка салган неме! Сен үчүн жер эүн калмак беле, сен үчүн аска-зоо ордунан козголмок беле?

    18:5 Ооба, мыйзамсыздын жарыгы өчөт, анын отунан учкун калбайт!

    18:6 Чатырындагы жарык караңгылайт, анын үстүндөгү шамы да өчөт.

    18:7 Анын кудуреттүү кадамы кыскарат, өзүнүн ою өзүн кулатат.

    18:8 Анткени ал өз буту менен торго түшөт, тордун үстүндө басат.

    18:9 Анын буту тузакка түшөт, ошондо тоноочу аны кармап алат.

    18:10 Ал үчүн жерге тузак жашыруун тартылган, жолуна капкан коюлган.

    18:11 Бардык тарабынан коркунучтар анын эрөйүн учуруп, ары-бери алдастатат.

    18:12 Ачкалыктан алы кетет, өлүм анын жанында даяр турат.

    18:13 Анын дене мүчөлөрүн оору жейт, анын мүчөлөрүн эң жаман оору мүлжүйт.

    18:14 Ємүтү чатырынан куулат, бул аны эрөй учурган коркунучтар падышасына түшүрөт.

    18:15 Анын чатырына башка бирөөлөр кирет, анткени ал эми аныкы эмес. Анын үйүнө күкүрт чачылат.

    18:16 Түбүндөгү тамыры кургайт, үстүндөгү шак-бутактары соолуп калат.

    18:17 Анын аты жер үстүнөн өчөт, анын ысымы аянтта оозго алынбай калат.

    18:18 Аны жарыктан караңгылыкка кууп, жер үстүнөн жок кылышат.

    18:19 өзүнүн элинде анын уулу да, небереси да болбойт, анын турагында үч ким калбайт.

    18:20 Ал жөнүндө укканда, кийинки муундун эрөйү учат, замандаштары калтырап турушат.

    18:21 Мыйзамсыздын өмүрү мына ушундай, Кудайды билбегендин тагдыры мына ушундай».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск