Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    17:1 Алдан тайдым, өмүрүмдүн шамы өчүп баратат, көр оозунда турам.

    17:2 Алардын шылдыңы болбогондо, талаш-тартышта солк этпей туруп берет элем.

    17:3 “Мага болуш, мен үчүн өзүңдүн алдыңда өзүң кепилдикке өт! Болбосо ким мага кепил болот?

    17:4 Анткени Сен түшүнбөсүн деп, алардын акылын жаап салдың, ошондуктан алардын жеңишке жетишине жол бербейсиң”.

    17:5 Досторун душманга олжо кылган адамдын балдарынын көзү агып калат.

    17:6 Ал мени элге лакап, күлкү кылды.

    17:7 Кайгыдан көздөрүм тунарды, бүт мүчөм сөлөкөт болуп калды.

    17:8 Бул тууралуу адил адамдар таң калышат. Айыпсыз адам эки жүздүү адамга кыжырданат.

    17:9 Бирок адил адам өз жолун бек кармайт, колу таза адам барган сайын күч алат.

    17:10 Баарыңар чогулуп келип сүйлөсөңөр да, араңардан акылманды таппайм.

    17:11 Менин өмүрүм өттү. Жүрөгүмдүн энчиси болгон ойлорум кыйрады.

    17:12 Алар болсо түндү күнгө айланткысы, жарыкты караңгыга жакындаткысы келет.

    17:13 Канчалык күтсөм да, менин үйүм – өлгөндөр жаткан жай. Мен төшөгүмдү караңгы жерге төшөйм.

    17:14 Көрүмө: “Сен менин атамсың”, – дейм, куртка: “Менин энемсиң да эжемсиң”, – дейм.

    17:15 Ушундан кийин мен эмнеден эмүттөнөм? Менин күткөнүмдү ким көрөт?

    17:16 Ал эмүт мени менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүп, мени менен бирге топуракка жатат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск