Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Аюбдун төртүнчү жообу

    16:1 Аюб мындай деп жооп берди:

    16:2 «Мен мындайдын далайын уккам. Баарыңар үч нерсеге жарабаган сооротуучусуңар.

    16:3 Маанисиз сөзүңөрдүн аягы болобу? Ушинтип жооп берүэңө эмне түрткү болду?

    16:4 үгерде силер менин ордумда болсоңор, мен да силердей эле сүйлөмөкмүн. Силерге каршы сөз жаадырып, башымды чайкап турмакмын.

    16:5 Силерди сөзүм менен кубаттап, оозумдун кыбыроосу менен сооротор элем.

    16:6 Айткан менен азабым азайбайт, унчукпай койсом да, андан арылбайм.

    16:7 Бирок азыр Ал мени алсыратып бүттү. “Сен менин бүт эй-бүлөмдү кыйраттың.

    16:8 Мага каршы күбө катары бетиме бырыш түшүрдүң. Менин жабыркаганым өзүмө каршы чыгып, мени тайманбай жемелеп жатат”.

    16:9 Анын каары кыйнап, мени менен касташып жатат. Мага тиштерин кычыратып жатат. Душманым менден тикирейген көзүн албайт.

    16:10 Мага азуусун араандай ачышты, мени шылдыңдап, жаакка чапкылап жатышат: баары мага каршы сүйлөшүп алышкан.

    16:11 Кудай мени мыйзамсыздардын колуна салып берди, кара ниет адамдардын колуна ыргытты.

    16:12 Мен тынч жашап жаткам, бирок Ал мени силкилдетти. Желкемен кармап урду, өзүнө бута кылып койду.

    16:13 Анын жаачылары мени курчап алышты. Ал кардымды жарды, аяган жок, өтүмдү жерге төктү.

    16:14 Мени кайра-кайра тешкилеп жатат, мени көздөй жоокердей атырылып келе жатат.

    16:15 Денеме зумбал кийип, башыма топурак жаздандым.

    16:16 Ыйдан бетим кызарды, кабагымда – өлүм сөлөкөтү.

    16:17 Ошондой болсо да үч кимге зордук көрсөткөн жокмун, сыйынуум да таза.

    16:18 Оо жер! Менин канымды жашыра көрбө, менин муң-зарыма орун болбосун.

    16:19 Азыр менин Күбөм асманда, менин Коргоочум жогоруда!

    16:20 Көп сүйлөгөн досторум! Көз жашым Кудайга төгүлүп жатат.

    16:21 Оо, адам баласы өз жакыны менен талашып-тартышкандай, Кудай менен талашып-тартыша алса кана!

    16:22 Анткени менин көрөр күнүм бүттү, келбес сапарыма кеткени турам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск