Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    үлипаздын биринчи сөзү

    4:1 Теймандык элипаз мындай деп жооп берди:

    4:2 «үгерде биз бир сөз айтсак, сага катуу тийбес бекен? Бирок сөзгө ким тыюу сала алат?

    4:3 Сен көптөргө акыл-насаат айтчусуң, алсыз колдорго күч берчүсүң,

    4:4 сенин сөздөрүң жыгылганды тургузган, алсырап тизе бүккөнгө күч берген.

    4:5 үми өзүңдүн башыңа мүшкүл түшкөндө, алсырап калдың. Сага тийди эле, көңүлүң чөктү.

    4:6 Кудайдан корккондугуң сенин эмүтүң, такыбаа жашаганың сенин тирегиң болуш керек эле да.

    4:7 үстеп көрчү, айыпсыз адам өлдү беле? Адил адамдар тукум курут болду беле?

    4:8 Мен көргөндөн, кыянаттык эккендер менен жамандык сепкендер ошону эле оруп алып жатышат.

    4:9 Кудайдын деминен өлүшөт, Кудайдын каардуу рухунан жок болуп кетишет.

    4:10 Арстандын айкырыгы менен жаш арстандын үнү басылат, жаш арстандын азуусу сынат.

    4:11 Зор арстан жем таба албай өлөт, ургаачы арстандын күчүктөрү тентип кетишет.

    4:12 Мына, мага бир сөз жашыруун жетти, мен ал сөздөн шыбыш уктум.

    4:13 Түнкү көрүнүштөр жөнүндө ойлоп жатканда, адамдарды уйку басканда,

    4:14 мени коркунуч каптап, калтырак басып, сай-сөөгүм сыздады.

    4:15 Yстүмөн бир рух учуп өттү, төбө чачым тик турду.

    4:16 Ал турду, бирок мен анын өңэн тааный алган жокмун, көз алдымда бир кебете гана турду. Акырын соккон жел жүрдү, мен эн уктум:

    4:17 “Адам Кудайдан да адилеттүү бекен? Адам өз Жаратканынан да таза бекен?”

    4:18 Ал өз кулдарына да ишене албайт, өз периштелеринен да кемчиликтерди көрөт.

    4:19 Андан бетер топурактан жасалган ийбадатканада жашагандардан да кемчилик көрөт. Алардын негизи топуракта, алар күбөдөн да тез жок болушат.

    4:20 Алар таң атып кеч киргенге чейин эле чачырап жок болушат. Кантип жок болгонун көрбөй да каласың.

    4:21 өздөрү менен кошо алардын кадыр-баркы да жок болуп жаткан жокпу? Алар акылмандыкка жетпей өлүп жатышат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск