Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    5:1 үгерде сага жооп бере турган бирөө болсо, анда чакыр. Ыйыктардын кимисине кайрыласың?

    5:2 Ошентип, акылсызды каардуулугу өлтүрөт, эси жокту туталангычтыгы өлтүрөт.

    5:3 Мен акылсыздын кантип тамыр жайганын көрдүм. Ошол замат анын үйүн каргадым.

    5:4 Анын балдары бакыттан алыс, аларды дарбазанын алдында уруп-согушат, аларга болушар үч ким болбойт.

    5:5 Анын түшүмүн ачка адам жейт, ал аны тикенектин арасында өскөн жеринен да жыйнап алат, анын мал-мүлкүн суусагандар жутуп алышат.

    5:6 Ошондуктан кайгы топурактан чыкпайт, мүшкүл жерден өсүп чыкпайт.

    5:7 Бирок адам бийикке учкан учкун сыяктуу азапка туулат.

    5:8 Бирок мен Кудайга кайрылар элем, ишимди Кудайга тапшырар элем,

    5:9 Ал изилдегис, сансыз көп, укмуштуу, улуу иштерди жаратып жатат.

    5:10 Ал жер үстүнө жамгыр берет, талаага сууларды жаят.

    5:11 Кемсинтилгендерди жогору көтөрөт, кайгы тарткандар куткарылат.

    5:12 Ал жүзү каралардын арам ойлорун бузуп салат, ошондуктан алар ийгиликке жете алышпайт.

    5:13 Ал акылмандарды өздөрүнүн эле амалы менен кармайт, митайымдардын ойлору ишке ашпайт.

    5:14 Күндүз алар караңгыга туш болушат, чак түштө түндөгүдөй сыйпалап басышат.

    5:15 Ал жакырды кылычтан, алардын оозунан жана күчтүүнүн колунан куткарат.

    5:16 Ошондуктан жакырдын эмүтү бар, жалган өз оозун жабат.

    5:17 Кудай эсине келтирген адам бактылуу, ошондуктан кудуреттүү Кудайдын жазасын четке какпа!

    5:18 Анткени Ал өзү жарадар кылат да, өзү жаратты таңат. Ал уруп жарадар кылат да, кайра эле өз колу менен дарылайт.

    5:19 Ал сени алты кайгыдан куткарат, жетинчисинде сага жамандык жолобойт.

    5:20 Ал ачарчылыкта сени ажалдан алып калат, майданда кылычтан куткарат.

    5:21 Камчыдай тийген тилден жашынып каласың, кыйроо келгенде, коркпойсуң.

    5:22 Кыйроо жана ачарчылык келгенде, күлөсүң, жер үстүндөгү жырткычтардан эрөйүң учпайт,

    5:23 анткени сен талаадагы таштар менен тынчтыктасың, талаадагы жырткычтар менен ынтымактасың.

    5:24 Ошондо өз чатырың коопсуз экенин билип, өз үйүңө көз салып, күнөөгө батпай жашайсың.

    5:25 өз уругуңдун сан жетпей көбөйгөнүн, өз тукумуңдун жер үстүндөгү чөптөй өскөнүн көрөсүң.

    5:26 Буудай боолору өз маалында жыйылгандай, сен да көргө карылыкка жетип киресиң.

    5:27 Биз ушулардын баарын изилдесек, ушундай экен. Муну сен да угуп, көкүрөгүңө түйүп ал».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск