Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Аюбдун элипазга жооп бериши

    6:1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:

    6:2 «Оо, менин муң-зарым таразага туура тартылса кана, аны менен бирге тарткан азабым таразага салынса кана!

    6:3 Анда тарткан азабым деңиз кумунан да оор болор эле! Ошондуктан менин сөздөрүм токтолбостон куюлат.

    6:4 Анткени мага кудуреттүү Кудайдын жебелери сайылды. Анын уусун менин рухум ичип жатат. Кудайдын коркунучтары мага каршы топтолду.

    6:5 Жапайы эшек чөп үстүндө айкырмак беле? өгүз өз тоютунун алдында мөөрөмөк беле?

    6:6 Даамсыз тамакты туз кошпой жешмек беле, жумуртканын агында даам болмок беле?

    6:7 Менин жаным тийгиси келбеген нерсе менин жийиркеничтүү тамагым болду.

    6:8 О, мен тилегиме качан жетем? Кудай менин эңсегенимди качан аткарат?

    6:9 О, Кудай ырайым кылып, мени талкалап салса кана! өз колун сунуп, мени өлтүрүп салса кана!

    6:10 Мен анда кубанмакмын, ырайымсыз дартыма чыдамдуулук көрсөтмөкмүн, анткени мен Ыйыктын сөзүнөн баш тарткан жокмун.

    6:11 Ємүттөнгүдөй, менде кайсы күч бар эле? өмүрүмдүн аягы эмне экенин билсем, мен аны сабырдуулук менен күтпөйт белем?

    6:12 Менин кайратым таштай бекем бекен? Денем жез бекен?

    6:13 өзүмө өзүм жөлөк болор дарманым барбы? Деги мага тирек болор эмне бар?

    6:14 үгерде жабыр тартып жаткан адам кудуреттүү Кудайдан коркпой калса да, аны досу аяшы керек.

    6:15 Бирок менин бир туугандарым агын суудай, шар аккан суудай ишенимсиз.

    6:16 Ал – муздан ылайланган суу, ал сууларда кар жашынып жатат.

    6:17 Күн жылыганда, алар эрип кетишет, аптапта өз ордунан жок болуп кетишет.

    6:18 Алар аккан багытын буруп, чөлгө кирип жок болушат.

    6:19 Аларды Тейма жолдору күтүп турат, алардан Шеба жолдору эмүт кылат.

    6:20 Бирок эмүттөрү таш кабат. Ал жакка баргандардын уяттан жүзү кызарат.

    6:21 Азыр силер да мен үчүн ошондой болдуңар, коркунучту көргөндө, жүрөгүңөр түшүп калды.

    6:22 Мен силерге: “Мага бир нерсе бергиле, же болбосо байлыгыңардан мен үчүн төлөп койгула,

    6:23 мени душман колунан куткаргыла, мени кыйнап жаткандын колунан кун төлөп куткарып алгыла”, – деп айттым беле?

    6:24 Єйрөткүлө, мен унчукпай калайын. Менин күнөөм эмнеде, көрсөткүлө.

    6:25 Чын сөз кандай ачуу! Бирок силердин ашкерелөөңөр эмнени далилдейт?

    6:26 Ашкерелегенге сөз ойлоп жатасыңарбы? Сөзүңөрдү текке кетирип жатасыңар.

    6:27 Силер жетимге кол салып, өз досуңарга ор казып жатасыңар.

    6:28 үми силерден суранарым, жүзүмө тике карасаңар, силердин алдыңарда мен калп айтмак белем?

    6:29 Кайра карап көргүлө, калпы бар бекен? Кайра карап көргүлө, меники туура.

    6:30 Менин сөзүмдө жалгандык бар бекен? Кантип эле менин кекиртегим кайгыны ажырата албасын?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск