Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 42

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    42-БөЛЄМ

    42:1 Ошондо Аюб Теңирге мындай деп жооп берди:

    42:2 «Сенин баарын жасай аларыңды, Сенин ниетиңди үч ким токтото албастыгын билем.

    42:3 Сен: “үч нерсени түшүнбөй туруп, Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким?” – деп айттың. Ошондуктан мен өзүм түшүнбөгөн нерселер жөнүндө, өзүм билбеген кереметтүү иштер жөнүндө айткам.

    42:4 “Ук, мен сүйлөйүн. Мен сенден сурайын, Сен болсо мага түшүндүрүп бер”, – дегем.

    42:5 Мен Сен жөнүндө ушуга чейин кулагым менен уккам, азыр болсо Сени өз көзүм менен көрүп турам.

    42:6 Ошондуктан мен мурунку айткан сөздөрүмдөн баш тартам, топурак менен күлгө отуруп алып өкүнөм».

    Жыйынтык

    42:7 Теңир Аюбга ушул сөздөрдү айткандан кийин, теймандык элипазга Теңир мындай деди: «Силер Мен жөнүндө Менин кулум Аюбдай туура сүйлөбөгөнүңөр үчүн, сага жана сенин эки досуңа Менин каарым кайнап турат.

    42:8 Ошондуктан жети букачар, жети кочкор алып, Менин кулум Аюбга барып, өзүңөр үчүн курмандык чалгыла. Ошондо Менин кулум Аюб силер үчүн сыйынат. Силер Мен жөнүндө Менин кулум Аюбдай туура айткан жоксуңар. Ошондуктан силерди жазалабашым үчүн, Мен Аюбду гана кабыл алам».

    42:9 Ошондо теймандык элипаз, шухтук Билдат, наамалык Сопар барып, Кудай кандай буйруса, ошондой кылышты. Ошондо Теңир Аюбду кабыл алды.

    42:10 Аюб өз достору үчүн Кудайга сыйынгандан кийин, Теңир Аюбдун жоготууларын кайра берди. Теңир Аюбга мурункусунан эки эсе көп берди.

    42:11 Ошондо ага ага-инилери, эже-карындаштары, мурунку тааныштары келишти, анын үйүндө аны менен бирге ичип-жеп, кайгы-капасын бөлүшүп, сооротушту, анткени Теңир анын башына көп азап салган эле. Ар бири ага бирден кесита, бирден алтын шакек берди.

    42:12 Теңир Аюбдун мурунку күндөрүнө караганда, акыркы күндөрүнө аябай батасын берди. Ал он төрт миң майда малдуу, алты миң төөлүү, бир миң жуп өгүздүү, бир миң ургаачы эшектүү болду.

    42:13 Ал жети уулдуу, үч кыздуу болду.

    42:14 Биринчи кызына эмима, экинчисине Кетсия, үчүнчүсүнө Керенапух деген ат койду.

    42:15 Бүт жер жүзүндө Аюбдун кыздарындай сулуу аялдар болгон жок, атасы аларга бир туугандары менен кошо мурас бөлүп берди.

    42:16 Ошондон кийин Аюб дагы жүз кырк жыл жашады, уулдарын жана уулдарынын уулдарын төртүнчү тукумуна чейин көрдү.

    42:17 Ошентип, Аюб картайып, өмүргө тоюп көз жумду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск