Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Арундун курмандыктарды чалуусу

    9:1 Сегизинчи күнү Муса Арунду, анын уулдарын жана Ысрайыл аксакалдарын чакырып алып,

    9:2 Арунга мындай деди: «Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бодо малдын ичинен бир букачар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор алып келип, Теңирдин алдына кой, экөө тең кемчилиги жок болсун.

    9:3 Анан Ысрайыл уулдарына мындай де: “Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок букачар жана бир жылдык козу алып келгиле.

    9:4 Теңирдин алдында курмандык чалуу үчүн, тынчтык курмандыгына бир өгүз, бир кочкор, нан курмандыгына зайтун майы кошулган нандарды алып келгиле, анткени бүгүн силерге Теңир келет”».

    9:5 Ошондо алар Муса буйругандын баарын жыйын чатырынын алдына алып келишти. Бүт жамаат келип, Теңирдин алдында турду.

    9:6 Ошондо Муса аларга: «Теңир буйругандай кылсаңар, силерге Теңирдин даңкы келет», – деди.

    9:7 Анан Муса Арунга мындай деди: «Теңир буйругандай, курмандык чалынуучу жайга чыгып, күнөө үчүн чалынуучу жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды чалып, өзүңдү да, элиңди да күнөөдөн тазала, элдин алып келген курмандыктарын да чалып, бардыгын күнөөдөн тазала».

    9:8 Ошондо Арун курмандык чалынуучу жайга келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка өзү үчүн букачар сойду.

    9:9 Арундун уулдары ага анын канын алып келишти. Ал сөөмөйүн канга малып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпады, ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төктү.

    9:10 Ал эми күнөө үчүн чалынган курмандыктын майын, бөйрөктөрүн жана боор майын, Теңир Мусага буйругандай кылып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

    9:11 үти менен терисин стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберди.

    9:12 Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты мууздады. Арундун уулдары ага курмандыктын канын алып келишти. Ал канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

    9:13 Анан ага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын жиликтеп бөлүнгөн эттерин, башын алып келишти. Ал аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

    9:14 Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын сууга жууп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

    9:15 Анан эл алып келген курмандыкты – күнөө үчүн алып келген текени сойду. Аны мурунку курмандыктай кылып, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалды.

    9:16 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да өзүнүн эрежеси боюнча курмандыкка чалды.

    9:17 Анан нан курмандыктарынан колдоруна толтуруп алып келип, эртең менен өрттөлүүчү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүнө кошуп өрттөдү.

    9:18 Анан тынчтык курмандыгына эл алып келген өгүз менен кочкорду чалды. Арундун уулдары алардын канын алып келишти. Арун канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

    9:19 өгүздүн майын, кочкордун куйрук майын, карын майын, бөйрөктөрүн, боор майын алып келип,

    9:20 төштүн үстүнө коюшту. Анан Арун ал майларды курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

    9:21 Теңир Мусага буйругандай кылып, Арун төш менен оң санды Теңирдин алдында силкилдетти.

    9:22 Анан Арун колун жайып, элге кайрылып, аларга батасын берди. Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана тынчтык курмандыгын чалып, курмандык чалынуучу жайдан түштү.

    9:23 Муса менен Арун жыйын чатырына киришти. Анан сыртка чыгып, элге бата беришти. Ошондо бүт элге Теңирдин даңкы көрүндү.

    9:24 Теңирден от түшүп, курмандык чалынуучу жайдын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен майды өрттөп кетти. Муну бардык эл көргөндө, кубанганынан кыйкырып, жүзтөмөндөп жыгылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск