Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Надап менен Абыйуттун күнөөсү

    10:1 Арундун уулдары Надап менен Абыйут жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин алып, аларга от салып, түтөтүлүүчү зат салып, Теңирдин алдына Ал буйрубаган башка от алып келишти.

    10:2 Ошондо Теңирден от түшүп, аларды өрттөп жиберди. Алар Теңирдин алдында өлүштү.

    10:3 Муса Арунга: «Теңир: “Мен өзүмө жакындагандардын арасында өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм, бардык элдин алдында даңкталам”, – деп айткан», – деди. Арун унчуккан жок.

    10:4 Анан Муса Арундун агасы Узиелдин уулдары Мишаел менен элсапанды чакырып, аларга: «Барып, бир туугандарыңарды ыйык жайдан стандын сыртына алып чыккыла», – деди.

    10:5 Алар барып, узун көйнөк кийген Надап менен Абыйутту, Муса буйругандай, стандын сыртына алып чыгышты.

    10:6 Муса Арунга жана анын уулдары элазар менен Итамарга мындай деди: «өлүп калбайын десеңер, Теңирдин каары жамаатка төгүлбөсүн десеңер, баш кийимиңерди чечпегиле, кийимиңерди айрыбагыла, бирок бир туугандарыңар, бүткүл Ысрайыл эли, Теңир өрттөп жибергендерди жоктоп ыйласа болот.

    10:7 өлүп калбайын десеңер, жыйын чатырынын эшигинин алдынан кетпегиле, анткени силер Теңирдин майлоочу майы менен майлангансыңар». Алар Мусанын айтканын кылышты.

    Ыйык кызмат кылуучуларга берилген көрсөтмөлөр

    10:8 Теңир Арунга дагы мындай деп айтты:

    10:9 «өлүп калбайын десеңер, жыйын чатырына киргенде, өзүң да, уулдарың да шарап менен күчтүү ичимдикти ичпегиле. Бул силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

    10:10 Силер ыйыкты ыйык эместен, тазаны таза эместен айырмалай билишиңер керек.

    10:11 Теңир Муса аркылуу айткан мыйзамдардын баарын Ысрайыл уулдарына эйрөтүшүңөр керек».

    10:12 Анан Муса Арунга жана анын тирүү калган уулдары элазар менен Итамарга мындай деди: «Теңирге алып келинген нан курмандыктардын калганын алып, ачыткысыз нанды курмандык чалынуучу жайдын жанында жегиле, анткени бул – эң ыйык курмандык.

    10:13 Аларды ыйык жайда жегиле, анткени ал – Теңирге арналган курмандыктардын ичинен сага жана уулдарыңа тийген элүш. Теңир мага ушундай буйруган.

    10:14 Силкилдетилген төш менен өйдө көтөрүлгөн санды таза жерде уулдарың, кыздарың болуп чогуу жегиле, анткени бул – Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктарынын ичинен сага жана уулдарыңа тийген элүш.

    10:15 өйдө көтөрүлө турган сан менен силкилдетиле турган төштү курмандыктардын майы менен кошо Теңирдин алдында силкилдеткиле. Теңир буйругандай, бул сенин жана сенин уулдарыңдын түбөлүк элүшү болсун».

    10:16 Анан Муса күнөө үчүн чалынуучу текени издесе, ал өрттөлүп кетиптир. Ошондо ал Арундун тирүү калган уулдары элазар менен Итамарга ачууланып, мындай деди:

    10:17 «үмне үчүн силер күнөө үчүн чалынган курмандыкты ыйык жерде жеген жоксуңар? Ал эң ыйык курмандык болчу, Теңир аны силерге жамаатты күнөөдөн арылтуу үчүн жана аларды Теңирдин алдында тазалоо үчүн берген.

    10:18 Курмандыктын каны да ыйык жайга киргизилбептир. Силер курмандыкты мен буйругандай, ыйык жайда жешиңер керек эле».

    10:19 Арун Мусага: «Алар бүгүн күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты Теңирдин алдына алып келишти, менин башыма болсо ушундай кайгы түштү. Анан күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты бүгүн жегеним Теңирге жакмак беле?» – деп жооп берди.

    10:20 Ошондо Муса анын айткандарына макул болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск