Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 28

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    28-БөЛЄМ

    Курмандыктарды алып келүү тартиби

    28:1 Теңир Мусага мындай деди:

    28:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Алар Мага курмандыктарын, нан курмандыктарын жыты Мага жаккан курмандыктар катары өз убагында алып келип турушсун.

    28:3 Аларга дагы мындай де: Теңирге мындай курмандыктарды алып келишсин: дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка үч кемчилиги жок бир жылдык эки козу алып келишсин.

    28:4 Бир козуну эртең менен, экинчи козуну кечинде алып келишсин.

    28:5 Нан курмандыгына сыгылган зайтун майынан гиндин төрттөн бир бөлүгүндөй өлчөмдө кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келишсин.

    28:6 Бул – жыты Теңирге жаккан, Ага арналган дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык. Синай тоосунда ушундай курмандык чалынган.

    28:7 Ар бир козу менен кошо гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк куюлуучу курмандык алып келишсин. Куюлуучу курмандыкка алып келген шарапты Теңирге арнап ыйык жайда куй.

    28:8 Жыты Теңирге жаккан курмандыкка экинчи козуну кечинде алып кел, аны эртең мененки козуну алып келгендей, нан курмандыктары менен, куюлуучу курмандыктары менен алып кел.

    Ишемби күнү алып келинүүчү курмандык

    28:9 Ишемби күнү болсо үч кемчилиги жок бир жылдык эки козу алып келгиле, аны менен кошо зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун жана куюлуучу курмандык алып келгиле.

    28:10 Бул курмандык – дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен куюлуучу курмандыктан тышкары ар бир ишемби сайын чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

    Ай жаңырганда алып келинүүчү курмандыктар

    28:11 Ай жаңырганда да Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңарды алып келгиле. Бодо малдан эки букачар, кемчилиги жок бир кочкор жана бир жылдык жети козу,

    28:12 ар бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

    28:13 ар бир козу менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле. Бул курмандык – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

    28:14 Бир букачар менен кошо куюлуучу курмандыкка жарым гин шарап, бир кочкор менен кошо эчтөн бир гин шарап, ар бир козу менен кошо төрттөн бир гин шарап алып келгиле. Бул курмандык – жылдын бардык айларында ай жаңырган сайын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

    28:15 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан тышкары күнөөңөр үчүн чалынуучу курмандыкка Теңирге арнап бир текени куюлуучу курмандык менен кошо алып келгиле.

    Пасах майрамында алып келинүүчү курмандыктар

    28:16 Биринчи айдын он төртүнчү күнү – Теңирдин Пасах майрамы.

    28:17 Ошол айдын он бешинчи күнү – майрам. Жети күн ачыткысыз нан жегиле.

    28:18 Биринчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө, үч кандай жумуш кылбагыла.

    28:19 Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу чалгыла. Алар үч кемчилиги жок болсун.

    28:20 Бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

    28:21 Ал эми жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

    28:22 Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке жетелеп келгиле.

    28:23 Буларды дайыма эртең менен чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан тышкары алып келгиле.

    28:24 Жети күн бою так ушундай кылып алып келгиле. Бул нан курмандыгы – жыты Теңирге жаккан курмандык. Бул курмандыкты дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен куюлуучу курмандыктан тышкары алып келиш керек.

    28:25 Жетинчи күнү да ыйык чогулуш өткөргүлө, үч кандай жумуш кылбагыла.

    Биринчи түшүм жыйнаган күнү алып келинүүчү курмандыктар

    28:26 Биринчи түшүм жыйнаган күнү, Теңирге жаңы дандан нан курмандыгын алып келгениңерде, Жумалар майрамыңарда ыйык чогулуш өткөргүлө, үч кандай жумуш кылбагыла.

    28:27 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу,

    28:28 ар бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

    28:29 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

    28:30 Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    28:31 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары бул курмандыктарды куюлуучу курмандык менен кошо Мага алып келгиле. Алардын үч кемчилиги жок болсун.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск