Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Сурнай тартылчу күнү алып келинүүчү курмандыктар

    29:1 Жетинчи айдын биринчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. үч кандай жумуш кылбагыла. Бул күн силерде сурнай тартчу күн болсун.

    29:2 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка үч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу чалгыла.

    29:3 Букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

    29:4 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

    29:5 Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:6 Бул курмандыктарды ай жаңырганда чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары жана дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары, алар үчүн белгиленген куюлуучу курмандыктардан тышкары жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

    Тазалануу күнүндө алып келинүүчү курмандыктар

    29:7 Ушул жетинчи айдын онунчу күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. Ошол күнү өзүңөрдү орозо менен жоошуткула, үч кандай жумуш кылбагыла.

    29:8 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка үч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.

    29:9 Бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

    29:10 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

    29:11 Күнөөдөн тазаланчу күнү чалынган курмандыктан тышкары, дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан жана нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    Алачыктар майрамында алып келинүүчү курмандыктар

    29:12 Жетинчи айдын он бешинчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө, үч кандай жумуш кылбагыла. Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла.

    29:13 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка он үч букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу алып келгиле. Алардын кемчилиги жок болсун.

    29:14 Он үч букачардын ар бири менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, эки кочкордун ар бири менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

    29:15 он төрт козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

    29:16 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:17 үкинчи күнү кемчилиги жок он эки букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

    29:18 алар менен бирге букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

    29:19 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:20 Yчүнчү күнү кемчилиги жок он бир букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

    29:21 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

    29:22 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:23 Төртүнчү күнү кемчилиги жок он букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

    29:24 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

    29:25 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:26 Бешинчи күнү кемчилиги жок тогуз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

    29:27 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

    29:28 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:29 Алтынчы күнү кемчилиги жок сегиз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

    29:30 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

    29:31 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:32 Жетинчи күнү кемчилиги жок жети букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

    29:33 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

    29:34 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:35 Сегизинчи күн силер үчүн майрамдын акыркы күнү болсун, үч кандай жумуш кылбагыла.

    29:36 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.

    29:37 Алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

    29:38 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

    29:39 Бул курмандыктарды убада боюнча же өз каалооңор боюнча алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңардан, нан курмандыктарыңардан, куюлуучу курмандыктарыңардан жана тынчтык курмандыктарыңардан тышкары майрамдарыңарда Теңирге арнап алып келгиле».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск