Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    Убадалар жөнүндө мыйзам

    30:1 Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Муса Ысрайыл уулдарына айтып берди.

    30:2 Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына Муса мындай деди: «Теңир мындай буйрук берди:

    30:3 “Ким Теңирге убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берип карганса, анда ал айткан сөздөрүн бузбасын, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын.

    30:4 үгерде Теңирге аял убада берсе же жаш чагында, атасынын төрүндө жүргөндө өзүн өзү тыюуга сөз берсе,

    30:5 атасы кызынын убадасын же өзүн өзү тыюуга сөз бергенин угуп, макул болсо, анда кызы бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.

    30:6 үгерде атасы аны угуп, бирок тыйып койсо, анда кызы убадасын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарбай эле койсун, Теңир кызды кечирет, анткени аны атасы тыйып койгон.

    30:7 үгерде ал кыз күйөөгө чыгып кетип, анын мойнунда өзүн байлаган убадасы же оозунан чыккан сөзү калса,

    30:8 аны күйөөсү билип, макул болсо, анда аял убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.

    30:9 үгерде күйөөсү билип, ага тыюу салса, анда анын мойнундагы убадасын же өзүн байлаган оозунан чыккан сөзүн жокко чыгарган болот. Ошондо аялды Теңир кечирет.

    30:10 Жесир аял же күйөөсү менен ажырашып кеткен аял кандай гана убада бербесин, өзүн өзү тыюуга кандай гана сөз бербесин, бардыгын аткарсын.

    30:11 үгерде аял күйөөсүнүн үйүндө убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берсе,

    30:12 аны күйөөсү угуп, макул болуп, тыюу салбаса, анда аял бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүнүн баарын аткарсын.

    30:13 үгерде күйөөсү угуп, аларды жокко чыгарса, анда аял оозунан чыккан бардык убадаларын жана өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүн аткарбай эле койсо болот. Аны күйөөсү жокко чыгаргандыктан, Теңир аны кечирет.

    30:14 Бардык убаданы жана өзүн өзү тыюуга берген бардык сөздү аялдын күйөөсү беките алат жана жокко чыгара алат.

    30:15 үгерде күйөөсү ал тууралуу уккандан кийин көп күн өтсө да унчукпай койсо, анда ошонусу менен аялынын убадасын жана анын мойнундагы өзүн өзү тыюуга берген сөзүн бекиткен болот, анткени ал тууралуу уккандан кийин да унчуккан жок.

    30:16 үгерде аларды уккандан кийин жокко чыгарса, анда ал аялынын күнөөсүн өз мойнуна алган болот”».

    30:17 Күйөөсү менен аялынын ортосундагы, жаш чагында атасынын үйүндө жүргөн кыз менен атасынын ортосундагы мамиле тууралуу Теңирлин Мусага осуяттаган мыйзамы ушундай.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск