Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Салапаттын кыздары

    27:1 Ошондо Салапаттын кыздары келишти. Салапат Хейпердин, Хейпер Гилаттын, Гилат Махирдин, Махир Менашенин, Менаше Жусуптун уулу. Салапаттын кыздарынын аттары Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса эле.

    27:2 Алар Муса менен ыйык кызмат кылуучу элазардын, төрөлөр менен бардык жамааттын алдына келип, жыйын чатырынын оозунда туруп, мындай дешти:

    27:3 «Биздин атабыз чөлдө өлгөн, ал Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарынын арасында болгон эмес, ал өз күнөөсү үчүн өлгөн, анын эркек балдары болгон эмес.

    27:4 үркек баласы жок болсо эле, атабыздын аты өз уруусунун арасынан өчүп калышы керекпи? Атабыздын бир туугандарынын арасынан бизге да жер бергиле».

    27:5 Муса бул ишти Теңирдин алдына койду.

    27:6 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

    27:7 «Салапаттын кыздары туура айтып жатат, аларга атасынын бир туугандарынын арасынан мураска жер бер, аларга атасынын элүшүн бер.

    27:8 Анан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ким эркек бала көрбөй өлсө, анда анын энчисин кыздарына өткөрүп бергиле.

    27:9 үгерде кыздары жок болсо, анда анын энчисин бир туугандарына бергиле.

    27:10 үгерде бир туугандары жок болсо, анда анын элүшүн атасынын бир туугандарына бергиле.

    27:11 үгерде атасынын бир туугандары жок болсо, анда анын элүшүн мураска калтыруу үчүн, өз уруусундагы жакын туугандарынын бирине бергиле. Теңир Мусага буйругандай, бул мыйзам Ысрайыл уулдарына түбөлүккө калсын”».

    Нундун уулу Жашыя – Мусанын орун басары

    27:12 Теңир Мусага дагы мындай деди: «Мына бул Абарым тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди кара.

    27:13 Ал жерди карап чыккандан кийин, бир тууганың Арун өз элине кошулгандай, сен да өз элиңе кошул.

    27:14 Анткени силер Син чөлүндө Менин буйругумду аткарбай койгонсуңар, бүт жамаат наалып жатканда, Мериба суусунун боюнда аларга Менин ыйыктыгымды көрсөткөн эмессиңер».

    27:15 Муса Теңирге мындай деди:

    27:16 «Теңир, бардык адамдардын рухунун Кудайы, ушул жамаатты башкара турган адамды дайындап койсо экен.

    27:17 Теңирдин жамааты кайтаруучусу жок койлордой болбошу үчүн, алардын алдында кирип-чыга турган, аларды алып чыгып, алып кире турган адам болсо экен».

    27:18 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Ичинде Рух бар Нундун уулу Жашыяны өзүңө чакырып, башына колуңду кой,

    27:19 аны ыйык кызмат кылуучу элазардын алдына, бүт жамааттын алдына тургузуп, алардын көз алдында ага акыл-насаат айт.

    27:20 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты ага баш ийиши үчүн, өз даңкыңдан бер.

    27:21 Ал ыйык кызмат кылуучу элазарга кайрылып турсун. элазар болсо Теңирдин чечимин урим аркылуу сурасын. Ысрайылдын бардык уулдары менен бүткүл жамааты аны менен бирге болуп, анын айтканы боюнча кирип-чыгып турууга тийиш».

    27:22 Теңир буйругандай, Муса Жашыяны чакырып, ыйык кызмат кылуучу элазардын жана бүт жамааттын алдына койду.

    27:23 Анан ал Жашыянын башына колун коюп, Теңир кандай айтса, ошондой кылып, ага акыл-насаат айтты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск