Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 34

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    34-БөЛЄМ

    Убадаланган жердин чек аралары

    34:1 Теңир Мусага мындай деди:

    34:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: “Канаан жерине киргениңерде, силердин энчиңерге тие турган Канаан жери жана анын чек аралары бул:

    34:3 силердин түштүк чек араңар эдомдун жанындагы Син чөлү болот, түштүк чек араңар чыгыш тараптагы Туздуу деңиздин аягынан башталат.

    34:4 Чек араңар түштүк тараптагы Акрабым дөңсөөсүнө бурулуп, Син чөлүнөн өтөт, анан Кадеш-Барнейинин түштүгүнө келип такалат, андан Гатсар-Адарга жетип, Асмон аркылуу өтөт.

    34:5 Чек ара Асмондон Мисир суусуна бурулуп, деңизге барып такалат.

    34:6 Ал эми батыштагы чек араңар улуу деңиз болот. Бул силердин батыш тарабыңардагы чек араңар.

    34:7 Түндүк тарабыңардагы чек араңар улуу деңизден Ор тоосуна чейин созулат.

    34:8 Ор тоосунан Хаматка жетет да, андан ары Седатка барып такалат.

    34:9 Андан ары Зиброндон Хатсар-үйнанга чейин кетет. Бул силердин түндүк чек араңар.

    34:10 Чыгыш чек араңар Хатсар-үйнандан Шепамга чейин болсун.

    34:11 Шепамдан чек ара Айындын чыгыш тарабы менен Риблага жетет, анан Кинерет деңизинин чыгыш жүүктерине тийип өтөт.

    34:12 Чек ара Иорданга жетип, Туздуу деңизге такалат. Бул силердин бардык тарабынан чек ара менен чектелген жериңер болот”».

    34:13 Анан Муса Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук берди: «Мынакей, өкчөмө таш ыргытып бөлүп алчу жериңер ушул, ушул жерди Теңир тогуз урууңарга жана жарым урууңарга берүүгө буйруду.

    34:14 Анткени Рубейин уулдарынын уруулары, Гат уулдарынын уруулары жана Менаше уулдарынын жарым уруусу өз энчилерине тийген элүштөрүн алышкан.

    34:15 Иордандын аркы өйүзүндөгү, чыгыш жактагы, Жерихонун маңдайындагы жерди ушул эки уруу менен жарым уруу бөлүп алышкан».

    Жер бөлүп берүүгө жоопкерчиликтүү адамдарды дайындоо

    34:16 Теңир Мусага мындай деди:

    34:17 «Силерге жер бөлүп бере турган адамдар булар: ыйык кызмат кылуучу элазар жана Нундун уулу Жашыя.

    34:18 Жер бөлүштүргөнгө ар бир уруудан бирден төрө алгыла.

    34:19 Ал төрөлөр булар: Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,

    34:20 Шымон уруусунан Амийуттун уулу Шемуел,

    34:21 Бенжемин уруусунан Кислондун уулу элидат,

    34:22 Дан уруусунан мырза Жогланын уулу Буки төрө,

    34:23 Жусуптун уулдарынан Менашенин уруусунан эйпоттун уулу Ханиел төрө,

    34:24 үпрайым уруусунан Шиптандын уулу Кемуел төрө,

    34:25 Забулун уруусунан Парнактын уулу элитсапан төрө,

    34:26 Исахар уруусунан Азандын уулу Палтиел төрө,

    34:27 Ашыр уруусунан Шеломинин уулу Акийут төрө,

    34:28 Напталы уруусунан Амийуттун уулу Педаел төрө».

    34:29 Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын энчисине Канаан жерин бөлүштүрө тургандар ушулар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск