Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-БөЛЄМ

    Мисирден Иорданга чейин жол жүрүү жөнүндө кыскача кайталоо

    33:1 Муса менен Арундун башчылыгы астында Мисир жеринен стандары менен чыккан Ысрайыл уулдары мындай жол жүрүштү:

    33:2 Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын стандары менен жол жүргөнүн жазып чыкты. Алар басып өткөн жерлер булар:

    33:3 Алар биринчи айдын он бешинчи күнү Раамсестен чыгышкан. Ысрайыл уулдары Пасахтын эртеси бүткүл Мисир элинин көз алдында күчтүү колдун астында чыгышты.

    33:4 Ошол убакта мисирликтер Теңир өлтүргөн бардык тун уулдарын көмүп жатышкан. Теңир алардын кудайларына өкүм чыгарды.

    33:5 Ошентип, Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жайгашышты.

    33:6 Сукоттон чыгып, эйтамга жайгашышты, ал чөлдүн четиндеги жер эле.

    33:7 үйтамдан чыгып, Баал-Сыпондун жанындагы Пи-Ахиротко жөнөп, Мигдолдун жанына жайгашышты.

    33:8 Пи-Акироттон чыгып, деңиздин ортосу менен чөлгө өтүштү. эйтам чөлүндө үч күн бою жол жүрүштү, анан Марага жайгашышты.

    33:9 Марадан чыгып, үйлимге келишти. үйлимде болсо он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле, алар ошол жерге жайгашышты.

    33:10 үйлимден чыгып, Кызыл деңиздин жанына жайгашышты.

    33:11 Кызыл деңизден чыгып, Син чөлүнө жайгашышты.

    33:12 Син чөлүнөн чыгып, Допкага жайгашышты.

    33:13 Допкадан чыгып, Алушка жайгашышты.

    33:14 Алуштан чыгып, Репидимге жайгашышты, бирок ал жерде эл ичкенге суу жок эле.

    33:15 Репидимден чыгып, Синай чөлүнө жайгашышты.

    33:16 Синай чөлүнөн чыгып, Киброт-Атаапка жайгашышты.

    33:17 Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко жайгашышты.

    33:18 Хатсейроттон чыгып, Ритмага жайгашышты.

    33:19 Ритмадан чыгып, Римон-Переске жайгашышты.

    33:20 Римон-Перестен чыгып, Либнага жайгашышты.

    33:21 Либнадан чыгып, Рисага жайгашышты.

    33:22 Рисадан чыгып, Кейлатка жайгашышты.

    33:23 Кейлаттан чыгып, Шепер тоосуна жайгашышты.

    33:24 Шепер тоосунан чыгып, Харатка жайгашышты.

    33:25 Хараттан чыгып, Макейлотко жайгашышты.

    33:26 Макейлоттон чыгып, Тахатка жайгашышты.

    33:27 Тахаттан чыгып, Тарахка жайгашышты.

    33:28 Тарахтан чыгып, Миткага жайгашышты.

    33:29 Миткадан чыгып, Хашмонго жайгашышты.

    33:30 Хашмондон чыгып, Мосейротко жайгашышты.

    33:31 Мосейроттон чыгып, Беней-Жааканга жайгашышты.

    33:32 Беней-Жаакандан чыгып, Хор-Агидгатка жайгашышты.

    33:33 Хор-Агидгаттан чыгып, Жотпатка жайгашышты.

    33:34 Жотпаттан чыгып, Абронго жайгашышты.

    33:35 Аброндон чыгып, этсион-Геберге жайгашышты.

    33:36 үтсион-Геберден чыгып, Син чөлүнүн Кадеш деген жерине жайгашышты.

    33:37 Кадештен чыгып, эдом менен чектешкен Ор тоосуна жайгашышты.

    33:38 Ошондо ыйык кызмат кылуучу Арун Теңирдин буйругу боюнча Ор тоосуна чыгып, Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына кырк жыл болгондо, бешинчи айдын биринчи күнү көз жумду.

    33:39 Арун жүз жыйырма үч жашка чыгып, Ор тоосунда көз жумду.

    33:40 Канаан жеринин түштүгүндө жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл уулдарынын келе жатканын укту.

    33:41 Алар Ор тоосунан чыгып, Салмонго жайгашышты.

    33:42 Салмондон чыгып, Пунонго жайгашышты.

    33:43 Пунондон чыгып, Оботко жайгашышты.

    33:44 Оботтон чыгып, Маап менен чектешкен жердеги Жей-Абаримге жайгашышты.

    33:45 Ийимден (Жей-Абаримден) чыгып, Дибон-Гатка жайгашышты.

    33:46 Дибон-Гаттан чыгып, Алман-Дыблатайымга жайгашышты.

    33:47 Алман-Дыблатайымдан чыгып, Ныбонун жанындагы Абарым тоолоруна жайгашышты.

    33:48 Абарым тоолорунан чыгып, Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюна, Маап түздүгүнө жайгашышты.

    33:49 Алар Иордандын жанындагы Бейт-Айешимоттон Абел-Шитимге чейин созулуп жаткан Маап түздүгүнө жайгашышты.

    Иордан суусунан өтөрдүн алдында берилген көрсөтмө

    33:50 Теңир Мусага Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө мындай деди:

    33:51 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Канаан жерине Иордан суусу аркылуу өткөнүңөрдө,

    33:52 ал жерде жашагандардын бардыгын кууп чыгып, жасалма кудайларынын сүрөттөрүн, куюлган жасалма кудайларын, бутканаларын талкалагыла.

    33:53 Ошол жерди эүлеп, ошол жерге отурукташкыла, анткени ошол жерди Мен силерге мураска бердим.

    33:54 Жерди урууларыңарга өкчөмө таш ыргытып бөлүштүргүлө. Саны көп урууларга көбүрөөк элүш, саны аз урууларга азыраак элүш бергиле. өкчөмө таш боюнча кимге кандай жер тийсе, ал ошол жерди алсын. Ар ким өз уруусу менен элүш алсын.

    33:55 үгерде силер ал жерде жашагандарды кууп чыкпасаңар, анда алардан калып калгандар көзүңөргө кирген, капталыңарга сайылган тикенек болот, силер жашай турган жерде силерди кысымга ала башташат.

    33:56 Мына ошондо Мен аларга кылайын дегенимди силерге кылам”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск