Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-БөЛЄМ

    үки жарым урууну Иордандын аркы өйүзүнө жайгаштыруу

    32:1 Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдарынын малы өтө көп эле. Алар Жазер жеринде да, Гилат жеринде да малга ылайыктуу жерлер бар экенин көрүштү.

    32:2 Анан Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Муса менен ыйык кызмат кылуучу элазарга жана жамааттын төрөлөрүнө келип, мындай деп айтышты:

    32:3 «Атарот, Дибон, Жазер, Нимра, Кешпон, элалей, Сыбам, Небо жана Быйон жерлерин

    32:4 Теңир Ысрайыл жамаатынын алдында кыйратып салган. Бул жерлер – малдын жайытына ылайыктуу жерлер. Кулдарыңдын болсо малы көп.

    32:5 үгерде биз сенин алдыңда ырайым тапкан болсок, бул жерлерди өз кулдарыңдын карамагына бер. Бизди Иордан суусунан ары өткөрбө».

    32:6 Ошондо Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына мындай деди: «Бир туугандарыңар согушка бара жатышса, силер бул жерде каласыңарбы?

    32:7 үмне үчүн силер Ысрайыл уулдарын Теңир берип жаткан жерге өткөрбөй айнытып жатасыңар?

    32:8 Мен силердин ата-бабаларыңарды жерди көрүп келиш үчүн Кадеш-Барнейиден жөнөткөндө, алар да ушундай кылышкан.

    32:9 Алар эшкол өрөөнүнө чейин барып, ошол жерди көрүп келишкенден кийин, Теңир берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары барбашы үчүн, аларды айнытышкан.

    32:10 Ошол күнү Теңирдин каары кайнап, мындай деп ант берген:

    32:11 “Мисирден чыккан бул элдин жыйырма жана андан жогорку жаштагылары Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерди көрүшпөйт, себеби алар Мага баш ийбей коюшту.

    32:12 Ал жерди Кеназдык Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыя гана көрөт, анткени булар Теңирге баш ийишкен”.

    32:13 Ысрайылга Теңирдин каары кайнап, аларды чөлдө кырк жыл алып жүрдү. Алар Теңирдин алдында күнөө кылган бүт уруусу өлүп жок болгуча тентишти.

    32:14 Мына азыр да, силер, күнөөкөрлөрдүн тукуму, ата-бабаңарга окшоп көтөрүлүп чыгып, Ысрайылга Теңирдин каарын дагы кайнаттыңар.

    32:15 үгерде силер Теңирден баш тартсаңар, анда Ал элди дагы чөлгө калтырат, силер бул элди ушинтип курутасыңар».

    32:16 Ошондо алар Мусага келип, мындай дешти: «Биз бул жерге малыбызга короо-сарайларды салабыз, балдарыбызга шаар курабыз.

    32:17 өзүбүз болсо биринчи болуп куралданып алып, Ысрайыл уулдарын өз жерине жеткирмейинче, алардын алдында барабыз. Ал жердин тургундары балдарыбызга коркунуч туудурбашы үчүн, аларды чептүү шаарларда калтырабыз.

    32:18 Ысрайыл уулдарынын ар бири өз элүшүн алмайынча, биз үйүбүзгө кайтып келбейбиз.

    32:19 үгерде бизге Иордандын берки өйүзүнөн, чыгыш тараптан элүш тийсе, анда биз Иордандын аркы өйүзүнөн жана андан аркы жерлерден алар менен бирге элүш албайбыз».

    32:20 Ошондо Муса аларга мындай деди: «үгерде силер мындай кылсаңар, эгерде Теңирдин алдында куралданып чыксаңар,

    32:21 силердин куралданган ар бир жоокериңер, Теңир өзүнүн алдындагы душмандарын жок кылып бүтмөйүнчө, Теңирдин алдында Иордандын аркы өйүзүнө өтсө,

    32:22 Теңирдин алдында жер багынып берсе, ошондон кийин кайрылып келсеңер, анда Теңирдин жана Ысрайыл элинин алдында күнөөлүү болбойсуңар, ошондо бул жер Теңирдин алдында силердин энчиңер болот.

    32:23 үгерде мындай кылбасаңар, анда Теңирдин алдында күнөөгө баткан болосуңар, бул күнөөңөр үчүн жазаланасыңар.

    32:24 Балдарыңарга шаар, койлоруңарга короо-жай кургула, оозуңардан эмне чыкса, ошону жасагыла».

    32:25 Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Мусага мындай дешти: «Мырзабыз кандай буйруса, кулдарың ошондой кылышат.

    32:26 Балдарыбыз, аялдарыбыз, бардык малыбыз ушул жерде, Гилат шаарларында калат.

    32:27 Кулдарың болсо, мырзабыз айткандай, жоокерлердей куралданып, Теңирдин алдында согушка барат».

    32:28 Ошондо Муса алар тууралуу ыйык кызмат кылуучу элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына мындай деп буйрук берди:

    32:29 «Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарынын бардыгы куралданып, Теңирдин алдында силер менен бирге Иордандын аркы өйүзүнө өтсө, силердин алдыңарда жер багынып берсе, анда Гилат жерин алардын карамагына бергиле.

    32:30 үгерде алар силер менен бирге куралданып барышпаса, анда силер менен бирге Канаан жеринен элүш алышат».

    32:31 Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары мындай деп жооп беришти: «Теңир сенин кулдарыңа кандай айтса, так ошондой кылабыз.

    32:32 Биз Теңирдин алдында куралданып, Канаан жерине барабыз, биздин элүшүбүз Иордандын бул өйүзү болсун».

    32:33 Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына, Жусуптун уулу Менашенин жарым уруусуна Амор падышасы Сихон падышачылык кылып турган жерлерди, Башан падышасы Ог падышачылык кылып турган жерлерди шаарлары менен, чет жакаларындагы айыл-кыштактары менен берди.

    32:34 Гаттын уулдары Дибон, Атарот, Аройер,

    32:35 Атрот-Шопан, Жазер, Жокпея,

    32:36 Бейт-Нимра, Бейт-Аран деген бекем коргондуу шаарларды, койлорго короо-сарайларды курушту.

    32:37 Рубейиндин уулдары Кешпон, элалей, Кирийатайим деген шаарларды курушту.

    32:38 Аттары өзгөртүлгөн Небо менен Баал-Мейонду, ошондой эле Сыбманы курушту. Алар өздөрү курган шаарларга ат коюшту.

    32:39 Менашенин уулу Махирдин уулдары Гилатка барып, аны басып алып, ал жерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.

    32:40 Муса Менашенин уулу Махирге Гилатты берди, ал ошол шаарга отурукташты.

    32:41 Менашенин уулу Жайыр барып, айыл-кыштактарын басып алып, аларды Жайырдын айыл-кыштактары деп атады.

    32:42 Нобах да барып, Кенатты жана ага караштуу шаарларды басып алып, аларды өз атынан Нобах деп атады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск