Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Ойноштук кылбоо жөнүндө эскертүү

    5:1-2 Уулум! Акыл-үстүү болушуң үчүн, оозуңда билим болушу үчүн, менин даанышмандык менен айткан сөздөрүмө кулак сал, акылмандык менен айткан сөздөрүмө кулак төшө.

    5:3 Анткени башка бирөөнүн аялы тилинен бал тамызып сүйлөйт, сүйлөгөн сөздөрү зайтун майынан да жумшак.

    5:4 Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздүү кылычтай курч.

    5:5 Анын буту өлүмгө алып барат, таманы өлгөндөр жаткан жайга түшүрөт.

    5:6 үгерде сен анын баскан жолун билгиң келсе, анын жолдору туруктуу эмес, ошондуктан сен аларды биле албайсың.

    5:7 Ошондуктан, балдарым, мени уккула, менин оозумдан чыккан сөздөрдөн четтебегиле.

    5:8 Ал аялдан алыс жүр, анын үйүнүн эшигине жакын барба,

    5:9 болбосо ден соолугуңду башкаларга алдырасың, өмүрүңдү кыйноочуга бересиң,

    5:10 күчүңө башка бирөөлөр тоёт, эмгегиң башка бирөөнүн үйүнө кетет.

    5:11 Дене-мүчөң күч-кубаттан ажыраганда, онтоп,

    5:12 мындай деп айтасың: «үмне үчүн мен акыл-насаатты жек көрдүм экен, эмне үчүн жүрөгүм ашкерелөөнү капарына албады экен?

    5:13 үмне үчүн устаттарымдын үнүн укпадым экен, эмне үчүн насаатчыларыма кулак төшөбөдүм экен?

    5:14 Аз жерден элдин жана коомдун арасында ар кандай жамандыкка дуушар болуп кала жаздадым».

    5:15 өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич.

    5:16 Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын.

    5:17 Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун.

    5:18 Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган,

    5:19 маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан.

    5:20 Уулум, башка бирөөнүн аялына кызыгып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың?

    5:21 Адамдын жолдору Теңирдин көз алдында, Ал анын ар бир кадамын ченеп турат.

    5:22 Мыйзамсыз адамды өзүнүн мыйзамсыздыгы тузакка түшүрөт, ал өз күнөөсүнүн торунда камалып турат.

    5:23 Ал акыл-насааттын жетишсиздигинен өлөт, акылсыздыгынын көптүгүнөн жок болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск