Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Акылдуулук жана акылсыздык

    9:1 Акылмандык өзүнө эй куруп, анын жети мамысын жонуп жылмалады,

    9:2 курмандык мууздап, шарап ачытып, өзүнө дасторкон даярдады.

    9:3 өзүнүн кулдарын шаардын бийик жерлеринен жар салууга жөнөттү:

    9:4 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын». Кем акылга ал мындай деди:

    9:5 «Келгиле, менин нанымды жегиле, мен ачытып койгон шарапты ичкиле!

    9:6 Акылсыздыкты таштагыла, жашагыла, акылдын жолу менен жүргүлө».

    9:7 Шылдыңчыл адамды эйрөткөн жаманаттыга калат, мыйзамсыз адамды ашкерелеген өз бетине көө жабат.

    9:8 Шылдыңчыл адамды ашкерелебе, болбосо ал сени жек көрүп калат, акылдуу адамды ашкереле, ал сени жакшы көрүп калат.

    9:9 Акылдуу адамга акыл-насаат айтсаң, ал ого бетер акылдуу болот, адил адамды эйрөтсөң, ал билимин дагы арбытат.

    9:10 Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу, ыйык Кудайды таанып билүү – акыл.

    9:11 Анткени мен аркылуу өмүрүң узарат, өмүрүңө өмүр кошулат.

    9:12 Акылдуу болсоң, өзүң үчүн акылдуусуң; шылдыңчыл болсоң, азабын өзүң тартасың.

    9:13 Ойлонуп иш кылбаган, чуулгандуу, акылсыз, үч нерсе билбеген аял

    9:14 өзүнүн үйүнүн эшигинин алдындагы отургучка, шаардын бийик жерлерине отуруп алып,

    9:15 жолдон өтүп бара жаткандарды, өз жолу менен түз бара жаткандарды чакырып:

    9:16 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын», – дейт, анан кем акыл адамга мындай деп айтат:

    9:17 «Уурдап ичкен суу таттуу болот, катып жеген нан даамдуу болот».

    9:18 Ал адам бул аялдын үйү өлгөндөр жаткан жай экенин, анын өтүнүп чакырып алган адамдары өлгөндөр жаткан жайдын түбүндө экенин билбейт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск